Мазмунун көрсөтүү

Дөңгөлөктүү адабият текчесинин жанында Ыйык Китептеги жакшы кабарды айтып жатышат (София, Болгария)

2017-ЖЫЛ, 14-ФЕВРАЛЬ
БОЛГАРИЯ

Болгария соту дин тутуу эркиндигин коргойбу?

Болгария соту дин тутуу эркиндигин коргойбу?

2016-жылдын 4-июнунда Николай Стоянов Бургас шаарынын бир чоң көчөсүндө адабият текчесин коюп алып, ары-бери өткөндөргө Ыйык Китепке негизделген адабияттарды сунуштап жаткан. Болжол менен кечки саат жетилерде полиция кызматкерлери келип, Николайга шаардык бийликтин токтомун бузуп жатканын айтып, аны 50 лев (27 АКШ доллары) айып төлөөгө милдеттендирген. Ага чейин тынчтыкта жүргүзгөн диний иштери үчүн май айынан июнь айына чейин 4 Жахабанын Күбөсүнө айып пул салынган болчу. Николай — айып пул төлөөгө милдеттендирилгендердин бешинчиси.

Соттордун шаардык кеңештер дин тутуу эркиндигин бузуп жатканын билдириши

Николай жана башка 4 Жахабанын Күбөсү аларга коюлган айыпка жана айып пул төлөөгө макул эместигин билдиришкен. Бургас шаарынын аймактык соту 2016-жылдын октябрь жана ноябрь айларында аларды актап, айып пул төлөнсүн деген чечимди жокко чыгарган.

Жахабанын Күбөлөрү сотто Бургас шаардык бийликтин токтому мыйзамга ылайык келбесин да билдиришкен. 2016-жылдын 12-октябрында Бургас шаарынын административдик соту Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине чектөө коюу үчүн колдонулган ал токтом Болгариянын Конституциясына жана дин тутуу эркиндигин коргоого байланыштуу алган милдеттенмелерине каршы иш кылууда деген чечимге келген.

Бургас шаардык кеңешине «Коомдук тартипти коргоо токтомунун» негизинде чектөөлөрдү койгону Конституцияга каршы келери эскертилген болчу. Саясий партиялардын бири Жахабанын Күбөлөрүнүн жүргүзгөн ишине айрымдар нааразы болууда деген шылтоо менен 2013-жылы жергиликтүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Облустук бийлик өкүлү бул токтомду карап чыгып, мындай өзгөртүү киргизүү басмырлоого жатат деген бүтүм чыгарып, киргизилген өзгөртүү Конституцияга каршы келет деген буйрук чыгарган. Бирок андан кийинки облустук бийлик өкүлү бул буйрукту жокко чыгарган, ал эми шаардык кеңеш өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Акыйкатчы шаардык кеңешке мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү Конституцияга каршы келерин эскерткен. Бирок Бургас шаарынын аймактык соту жокко чыгарганга чейин ал өзгөртүүлөр күчүндө кала берген.

Кюстендил шаарында да ушу сыяктуу жагдайлар болгон. Кюстендил шаардык кеңеши токтомго жогорудагыдай өзгөртүү киргизүү дин тутуу эркиндигин чектөөгө жатарын билсе да, жергиликтүү полиция кызматкерлерине өзгөртүлгөн токтомдо айтылгандарды ишке ашырууну тапшырган. Кюстендил шаарынын административдик соту 6 чечимди жокко чыгарган. Тактап айтканда, Жахабанын Күбөлөрүнө мыйзамсыз түрдө диний иш менен алектенди деп коюлган айыпты жана аларга салынган, жалпы жонунан алганда, 800 лев (439 АКШ доллары) айып пулду жокко чыгарган. Сот чечимдеринин биринде: «Доогер Конституция жана дин тутууга байланыштуу мыйзам кепилдик берген дин тутуу эркиндигинин чегинде иш кылганы үчүн жоопко тартылган»,— деп баса белгилеген. 2016-жылдын 24-июнунда ошол сот доо арыз менен кайрылган жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрүнүн өтүнүчүн канааттандырып, токтомго киргизилген өзгөртүүлөр Конституцияга каршы келерин билдирген a. Кюстендил шаардык кеңеши болсо Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылган.

Диний эркиндикке байланыштуу кайчы пикирлер

Акыркы бир нече жылда Болгарияда, эң аз дегенде, 44 муниципалитет катталган диний уюмдардын ишин чектөө максатында жергиликтүү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизген. Адатта, жергиликтүү бийлик мындай өзгөртүүгө ылайык иш кыла баштаганда Жахабанын Күбөлөрү кат жүзүндө эскертилет, сотко чакырылат, айып пул салынат, аларды коркутуп-үркүтүшөт, атүгүл кол салынат. Мисалы, 2016-жылдын 26-мартында Враца шаарынын бийлик өкүлү Марин Цветков Жахабанын Күбөсү болгон эки аялга футбол фанаттарын аларга каршы тукурарын айтып, коркутуп-үркүткөн. Анан аялдардын колундагы диний адабияттарды жулуп алып, тытып салган.

Бирок Болгариянын башка аймактарында жергиликтүү соттор, калыс көз караштагы бийлик өкүлдөрү дин тутуу эркиндигин жакташууда. 2016-жылдын 2-июнунда өлкөнүн борбор калаасы Софияда үч бийлик өкүлү дөңгөлөктүү адабият текчесинин жанында туруп кабар айтып жаткан Жахабанын Күбөлөрүнө келип, бул ишти аткарууга укук берген уруксат кагазын көрсөтүшүн сурашкан. Бул маселе жөнүндө сүйлөшкөндөн кийин алар, Болгариянын Конституциясына ылайык, ар бир жаран тынчтыкта жүргүзүлгөн диний иштер менен алектенүүгө толук укуктуу экенин айтышкан. Өлкөдөгү чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Пловдив шаарында шаардык кеңеш «Коомдук тартипти жана коопсуздукту коргоо токтомуна» өзгөртүү киргизүүнү көздөгөн бир саясий топтун иш-аракетине тыюу салган. Эгер токтомго мындай өзгөртүү киргизилсе, Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынмак.

Жахабанын Күбөлөрү көтөргөн маселе кандай чечилет?

Болгариядагы Жахабанын Күбөлөрү Конституция кепилдик берген диний ишеними менен бөлүшүү укугун чектөөгө багытталган 44 токтомдун мыйзамга каршы келерин далилдөөгө аракет кылып жатышат. Жахабанын Күбөлөрүнүн Болгариядагы офисинин өкүлү Крассимир Велев мындай деген: «Жахабанын Күбөлөрү түйшүк тартып кыйналган адамдар менен сүйлөшүп, суроолоруна Ыйык Китептин негизинде жооп берип, коомго пайда алып келген иш менен алектенүүдө. Көптөр биз айткан жакшы кабарга кулак кагышат. Бирок токтомго ишибизге чектөө койгон өзгөртүүлөр кирген аймактарда диний мазмундагы адабияттарды элге бекер бергенибиз жана диний ишенимибиз менен бөлүшкөнүбүз үчүн бизди куугунтуктап жатышат. Орундуу болгон учурларда биз Кудай өзү берген дин тутуу эркиндигибизди жактайбыз».

Жахабанын Күбөлөрү Болгариядагы көптөгөн бийлик өкүлдөрүнүн жана соттордун коомдун бардык тармагына пайда алып келген дин тутуу эркиндигин коргоп жатканына абдан ыраазы. Болгария өкмөтү өлкөдө диний иштерди жүргүзүүгө чектөө коюуну көздөгөн дагы башка токтомдорго өзгөртүү киргизеби, жокпу, убакыт көрсөтөт.

a Болгария — диний ишеним менен бөлүшүү, сыйынуу, окутуу, диний иш жүргүзүү жана диний жөрөлгөлөргө кармануу укугун коргоого кепилдик берген Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына кол койгон өлкөлөрдүн бири. Адам укуктары боюнча Европа Соту жана Укук аркылуу демократияны жактоо боюнча Европа комиссиясы (Венеция комиссиясы) бул кепилдик Жахабанын Күбөлөрүнүн тынчтыкта сыйынуу үчүн чогулуу же башкаларга диний көз карашы жөнүндө айтуу укугун коргоорун дайыма жактап келет.