Мазмунун көрсөтүү

БОЛГАРИЯ

Болгария жөнүндө кыскача маалымат

Болгария жөнүндө кыскача маалымат

Жахабанын Күбөлөрү Болгарияда 1888-жылдан бери бар. Алар 1938-жылы улуттук юридикалык жагын каттатышкан. Бирок өлкө коммунисттердин бийлиги алдына болуп калгандан кийин, 1944-жылы, алардын каттоосу жокко чыгарылган. 1991-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жагы, «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний ассоциациясы», расмий түрдө катталганга чейин аларга катуу чектөөлөр коюлуп келген. Бирок 1994-жылы мамлекеттик болбогон диндерге каршы жүргүзүлгөн өнөктүктөн кийин жана дин тутуу эркиндигин чектеген мыйзам чыккандан кийин, Жахабанын Күбөлөрү да, башка диний азчылыктар да укуктук статустан ажыратылган. Натыйжада полиция Жахабанын Күбөлөрүн кармай баштаган, диний жолугушууларын өткөрүүгө тоскоолдук кылган жана адабияттарын тартып алган. Болгариянын соттору Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун коргогон эмес.

Жахабанын Күбөлөрү өлкөдөгү соттордун баарына кайрылып, акырында, Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышкан (АУЕС). 1998, 2001 жана 2004-жылдары АУЕС Жахабанын Күбөлөрү менен Болгария өкмөтүнүн ортосунда тынчтык макулдашууну бекиткен. Ошондон кийин өкмөт Жахабанын Күбөлөрүн диний уюм катары каттоодон өткөргөн. Ошондой эле АУЕС алардын дин тутуу эркиндигин коргогон, анын ичинде абийиринен улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тартууга, альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө, эч кандай тоскоолдуксуз Кудайга сыйынууга укуктуу экенин тааныган.

Болгариядагы Жахабанын Күбөлөрү кандайдыр бир деңгээлде дин тутуу эркиндигине ээ болгонуна жана диний иштерин тоскоолдуксуз аткарып жатканына абдан ыраазы. Бирок айрым аймактарда бийлик башчылары жергиликтүү чечимдерди туура эмес түшүндүрүп, кабар айтуу ишине чектөө коюуда жана Падышалык залдарын курууга уруксат берүүдөн баш тартууда. Андан тышкары, кас маанайдагы айрым тургундар аларга катаал мамиле кылып, кол салган учурлар да болууда. Укук коргоо органдары кандайдыр бир жардам көрсөткөнү менен, кол салгандарды жоопко тартышпайт жана жабыр тарткандарды коргошпойт. Жахабанын Күбөлөрү бул маселелер боюнча Болгариянын бийлик башчылары менен жолукканга аракет кылып жатышат. Падышалык залын курганга уруксат алууга байланыштуу сот ишинин АУЕСте каралышы күтүлүүдө.