Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 4-СЕНТЯБРЬ
БОРБОРДУК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫ

Борбордук Африка Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрү кагылышуулардан улам өлкөдөн качып чыгууда

Борбордук Африка Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрү кагылышуулардан улам өлкөдөн качып чыгууда

Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү комитетинин мүчөсү жапа чеккендерге керектүү нерселерди берип жатат.

ДУАЛА, КАМЕРУН. Борбордук Африка Республикасынын айрым бөлүктөрүндө диний жана улуттар аралык кастык барган сайын күч алып бараткандыктан Жахабанын Күбөлөрү Камерундун коңшу өлкөлөрүнө жана Конго Демократия Республикасына качууга аргасыз болууда. Ал жактагы ишенимдештери аларды жылуу тосуп алып, кам көрүп жатышат.

2017-жылдын 13-июлунда күтүүсүздөн тутанган кагылышуудан кийин 15тей Жахабанын Күбөсү үй-бүлөсү (жаңы төрөлгөн ымыркайы да бар) менен Камерундун чыгышындагы Мбай Мбоум деген кыштакка качып кетишкен. Кийинки жумада аскерлер үйлөрдү өрттөп салгандыктан, Борбордук Африка Республикасынын Бангасу шаарындагы 60тай Жахабанын Күбөсү баш маана издеп, ишенимдештери менен бирге Конго Демократия Республикасынын Нду шаарына качышкан.

Качкындардын арасындагы жаңы төрөлгөн ымыркай.

Борбордук Африка Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Жеан-Бернард Фауанга мындай деген: «Кагылышууларда бир туугандарыбыздын эч кимиси каза таппаганын укканда аябай кубандык. Биз жапа чеккен бир туугандарыбызды жубатып, аларды таза суу, азык-түлүк, турак жай менен камсыз кылыш үчүн Камерундагы жана Конгодогу филиал менен тыгыз кызматташып, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү комитетин уюштуруп жатабыз».

Жахабанын Күбөсү болгон аксакалдар качкындарга Кудай менен болгон мамилесин бекемдөөгө жардам берген иштерди уюштуруп, Ыйык Китепке негизделген видеотасмаларды алардын эне тилинде, санго тилинде, көрсөтүп жатышат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Камерун: Гиллес Мба, тел: +237-6996-30727

Борбордук Африка Республикасы: Жеан-Бернард Фауанга, тел: +236-7575-1605