Мазмунун көрсөтүү

29-ОКТЯБРЬ, 2019
БРАЗИЛИЯ

Азиздер менен дүлөйлөр үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган материалдар Рио-де-Жанейродо болгон китеп көргөзмөсүндө көрсөтүлдү

Азиздер менен дүлөйлөр үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган материалдар Рио-де-Жанейродо болгон китеп көргөзмөсүндө көрсөтүлдү

2019-жылдын 30-августунан 8-сентябрына чейин Рио-де-Жанейродогу «Риосентро» борборунда он тогузунчу эл аралык китеп көргөзмөсү өткөрүлгөн. Ага Жахабанын Күбөлөрү да катышкан. Ал Бразилияда өткөн эң чоң маданий иш-чаралардын бири болгон. Көргөзмө маалында 520 күркө орнотулган жана аны көрүүгө 600 000дей киши келген. Жахабанын Күбөлөрү да күркө орнотуп, келген-кеткендерге веб-сайтыбыз, ошондой эле Ыйык Китептин негизинде жүргүзүлгөн билим берүү ишибиз тууралуу көбүрөөк маалымат беришкен. Ошол жакта кызмат кылган 258 ишенимдешибиз 10 күндүн ичинде 3 737 адабият таратышкан.

Күркөбүзгө дүлөйлөр, начар уккандар жана азиздер үчүн да материалдар коюлган. Бразилия жаңдоо тилинде эркин сүйлөгөн Жахабанын Күбөлөрү келгендерге ошол тилдеги кыска тасмаларды көрсөтүп, суроолоруна жооп беришкен. Алардын бири мындай деген: «Күркөбүзгө келгендердин баары өздөрүн эркин сезип, жакшы маектешип жатышты. Кызыккандарга jw.org сайтын кантип колдонсо болорун, Ыйык Китепти кантип изилдей турганыбызды түшүндүрүп берип жаттык».

10 жаштагы иничегибиз жергиликтүү журналистке Жахабанын Күбөлөрүнүн Брайл арибинде чыгарылган адабияттарынын ага кандайча жардам берип жатканы тууралуу айтып берүүдө

Биздин күркөгө бир мугалим жети дүлөй окуучусу менен келген. Ал jw.org сайтындагы өспүрүмдөргө арналган жаңдоо тилиндеги тасмаларды көрүп аябай таасирленген. Ал мугалим ата-энелердин сүйлөшкөндөн тартынган нерселерди кулагы укпаган балдары менен кантип талкууласа болорун көп сурашарын айткан. Ал: «Эми ата-энелер дагы ушинтип сурап калса, аларды сайтыңарга кирүүгө үндөйм»,— деген.

Ишенимдешибиз Ыйык Китепке негизделген адабиятты көрсөтүп жатат

Ошондой эле экранды басып маалымат алса боло турган мониторлор Бразилиядагы жергиликтүү тилдерде, маселен, гуарани, тикуна, шаванте тилдеринде да көрсөтүлдү. Бул тилдердеги материалдар учурда jw.org сайтында да бар. Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Рикардо Карнейру: «Биз жергиликтүү элге Ыйык Китепти өзүнүн тилинде окуп-түшүнүшүн чын дилден каалайбыз»,— деген.

Рио-де-Жанейродо китеп көргөзмөсүн уюштургандар элди китеп окууга үндөөнү көздөшкөн. Себеби алар мунун аркасында Бразилиядагы адамдардын жашоосу жакшырат деп эсептешет. Жахабанын Күбөлөрү орноткон күркөгө келген миңдеген адамдар кылымдардан бери көптөрдүн жашоосун жакшы жакка өзгөртүп келаткан Ыйык Китепти жана башка материалдарды өз эне тилинде окуп, көрө алышты (2 Тиметей 3:16, 17).