Мазмунун көрсөтүү

25-ИЮНЬ, 2020
БРАЗИЛИЯ

Амазониядагы бир туугандарыбызга көрсөтүлгөн жардам

Амазониядагы бир туугандарыбызга көрсөтүлгөн жардам

Бразилиядагы филиалдын комитети коронавирус пандемиясынан улам каржылык кыйынчылыктарга туш болгон ишенимдештерибизге жардам бериш үчүн кырсык болгондо жардам берүү комитетинен (КБЖБК) 18ди түздү. Ал комитеттер өлкөдөгү 12 000дей жыйналышка көмөк көрсөтүп келет. Жарчылардын айрымдары Амазонка дарыясын бойлой оңой менен жете алгыс алыскы аймактарда жашашат. Ушул күнгө чейин Амазония аймагында 131 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Амазонас штатынын борбор шаары Манаустагы КБЖБКтет бир айга жеткидей керектүү нерселер салынган баштыктарды даярдайт. Аларга төө буурчак, маниока уну, күрүч, кургак сүт, ошондой эле өздүк гигиенага керектүү самын, дарат кагазы, тиш жууган паста менен щётка сыяктуу нерселер салынат. Анан ал баштыктарды Манакапуру кеме токтоочу жайына жеткизип, андан ары Мембека жана Лаго до Кастанхо сыяктуу алыскы аймактарга кайыктар менен жеткиришет.

Лаго до Кастанходогу ошондой жардам алган Маринелма мындай дейт: «Бизге кам көргөн Жахаба Кудайга дароо ыраазычылык билдирдим. Аябай муктаж болуп турганбыз, азык-түлүк сатып алганга акчабыз да жок болчу. Берешендик, сүйүүсүн көрсөткөн ишенимдештериме да рахмат айтам. Баштыктагыны алып чыгып, иреттештирип жатканымды карап турган алты жаштагы балама, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жахабанын бир туугандарыбыз аркылуу бизге жардам бергенин айтсам, ал: „Апа, Жахабага ыраазычылык билдирип тиленбейлиби?“ — деди».

Каапирангада жашаган Жонас Монтеиро КБЖБКне ыраазычылык кат жолдоп, мындай деген: «Көрсөткөн жардамыңарга абдан ыраазыбыз. Силер аркылуу Жахабанын сүйүүсүн сезип жатабыз. Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөнүн мүчөсү болгонубуз чынында эле чоң сыймык».

КБЖБКде кызмат кылгандар да бул иштен чоң кубаныч алышат. Исаак Эманнуел Рамалхо де Оливера деген аксакал: «КБЖБКти менен кызматташкан ар бир күнүм ишенимимди бекемдейт. Өзүм алган пайда, кубанычым бир туугандарыма берген жардамымдан алда канча ашып түшөт».

Азыркы пандемия учурунда Жахабанын өзүнүн кызматчыларына, алар кайсы жерде жашашпасын, кам көрүп жатканын көргөнүбүз ишенимибизди кадимкидей бекемдейт (Забур 94:14).