7-МАРТ, 2023
БРАЗИЛИЯ
Бразилиядагы Бейтел Жахабанын уюмун 100 жылдан бери колдоп келатат
2023-жылы Бразилиядагы филиал негизделгенине 100 жыл болду. Кылымга созулган убакыттын аралыгында Жахабанын Күбөлөрүнүн саны көбөйгөндөн көбөйө берди. Бул Жахабанын филиалдын ишине батасын берип жатканын көрсөтүп турат.
Бразилияда кабар айтуу иши 1890-жылдардын аяк ченинде башталган. Андан көп өтпөй эле «Сион күзөт мунарасы» жана «Машаяктын катышуусунун жарчысы» деген журнал өлкө боюнча таратыла баштаган. Барган сайын ал журналга кызыккандардын саны өсө берген. Ошентип, 1923-жылдын март айында Жозеф Рутерфорд филиалды негиздеп, кабар айтуу ишин уюштуруш үчүн Жорж Янгды Бразилияга жиберген.
Жорж Рио-де-Жанейродон бир чакан кеңсени ижарага алган. Кийин ал кеңсе Бразилиядагы эле эмес, бүтүндөй Түштүк Америка боюнча биринчи филиал болуп калган. Ал адабияттарыбыздын англис тилинен португал тилине которулушуна чара көрүп, китеп-журнал басып чыгарган жергиликтүү ишканаларга кайрылган.
1925-жылы Жорж Янг миссионердик кызматын Аргентинада уланткан. Ал эми Бразилиядагы чакан филиалдын көзөмөлчүсү болуп Жон Рейнбоу дайындалган. 1926-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынан (Бруклин, Нью-Йорк) Бразилияга чакан басма машине жөнөтүлгөн. Ошентип, жергиликтүү ага-инилерибиз журналдарды, баракчаларды өздөрү басып чыгара баштаган.
Бразилияда кабар айтуу ишин жүргүзгөнгө жардам бериш үчүн 1945-жылы Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебин бүтүргөн миссионерлер жиберилген. Жахаба алардын ишине батасын берип, 1948-жылдан 1968-жылга чейин жарчылардын саны 1000ден 50 000ге көбөйгөн. Акыркы үч жылда жыл сайын 21 000 киши чөмүлүп турган. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жарчылардын саны 900 000ге жетти. Ушундай өсүштөн улам Бейтел имараттарын улам жаңыртып, кеңейтип турганга муктаждык пайда болгон. 1980-жылы филиал Сан-Паулудан 150 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Сесарио Ланж деген шаарга көчүрүлгөн. Ошондон бери филиал үч жолу кеңейтилген. Учурда ал филиалда 1 200дөн ашуун ишенимдешибиз кызмат кылат.
Акыркы жүз жылдын ичинде Жахаба Бразилиядагы шакирт даярдоо ишине батасын берип келгенин көрүү баарыбызды кубанычка бөлөйт (1 Корунттуктар 3:7).