Мазмунун көрсөтүү

27-ЯНВАРЬ, 2021
БРАЗИЛИЯ

Бразилиядагы Жахабанын Күбөлөрү сейрек иштетилген аймактарга кабар жеткирүүдө

Бразилиядагы Жахабанын Күбөлөрү сейрек иштетилген аймактарга кабар жеткирүүдө

Бразилияда Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышы жок 1 500дөй шаар бар. Алардын көбү алыс жайгашкан. Ошол себептен ал шаарлардын тургундары Жахабанын Күбөлөрү менен эч качан байланышкан эмес. Аларга кабар жеткирүү максатында Бразилиядагы филиал атайын өнөктүк уюштурууну туура көргөн. Ал өнөктүк 2020-жылдын сентябрынан декабрына чейин уланган. COVID-19 пандемиясынан улам ал шаарларга баруу мүмкүн эмес болгондуктан кабарды кат аркылуу жеткиришкен. Өнөктүккө 3 000 жыйналыштагы жарчылар катышкан.

Жарчылар өздөрү кабар айта турган шаарлар тууралуу Интернеттен маалымат издеп, катты ошол жактарда жашаган адамдардын муктаждыктарына ылайыкташтырып жазышкан. Мисалы, бир пионер Токантинс штатындагы бир шаардын жашоочуларына кат жазган. Ал ошол шаардын жакында эле өрттөн жапа чеккени тууралуу билип калган. Ошондуктан катка Аян 21:5теги ойлорду камтып, Жахабанын жакында «бардыгын жаңы жаратарын», айлана-чөйрөгө байланыштуу көйгөйлөрдүн баарын чечип берерин жазган. Бир нече күн өткөндөн кийин ал пионер бир аялдан аудио түрүндө жөнөтүлгөн билдирүү алган. Ал аял Кудайдын жакын арада сонун өзгөртүүлөрдү кыларын билгенде канчалык кубанганын билдирген. Анан көбүрөөк маалымат алгысы келерин айткан.

Дагы бир ишенимдешибизге өнөктүктүн жыйынтыгы жакшы болуп жатканын көрсөткөн билдирүү келген. Билдирүүдө мындай делген: «Кудай силерди мага жөнөткөнүнө канчалык ыраазы болуп жатканымды сөз менен жеткире албайм... Силерге чоң ырахмат! Силер Кудай мени жакшы көрөрүнө, мага да, үй-бүлөмө да кам көрөрүнө дагы бир жолу ынандырдыңар. Өзүмдү керектүү адамдай сезип калдым. Силерди тааныбасам да, тилегиме силер аркылуу жооп алдым! Миң мертебе рахмат айткым келет!»

Рио-де-Жанейронун Петрополис муниципалитетиндеги «Итамарати» жыйналышында кызмат кылган аксакал ушул өнөктүккө катышкан жарчылардын сезимдери тууралуу: «Өзүбүздү алыскы аймактарга барып кабар айткан атайын пионерлердей сездик. Бул аябай сонун мүмкүнчүлүк болду. Себеби көптөгөн бир туугандарыбыз жагдай-шартынан, үй-бүлөдөгү милдеттеринен улам адатта антип кабар айта албайт болчу»,— деген.

Ооба, Жахабанын бул өнөктүккө батасын бергени айкын көрүнүп турат. Жакшы кабарды «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыялоого» салым кошуу — биз үчүн чоң сыймык (Колосалыктар 1:23).