Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Нейтан Норрдун Рио-де-Жанейродогу филиалга барган кези, 1949-жыл, апрель. Оңдо: Нейтан Норр Сан-Паулудагы жыйында сөз сүйлөп жатат, 1949-жыл, 9, 10-апрель

22-ИЮНЬ, 2022
БРАЗИЛИЯ

Бразилияда биздин ишибиздин расмий түрдө катталганына 75 жылдын жүзү болду

«Биз Жахабага дайыма ишенчүбүз, ага таянчубуз, ынтабызды эч качан сууткан эмеспиз»

Бразилияда биздин ишибиздин расмий түрдө катталганына 75 жылдын жүзү болду

1947-жылы 23-июнда Бразилиядагы Жахабанын Күбөлөрү Күзөт мунарасы, Ыйык крКитеп жана баракчалар коомун («Sociedade Torre de Vigia de Bíblias e Tratados») расмий түрдө катташкан. Боордошторубуз ушул негизги юридикалык жакты акыркы 75 жылдан бери колдонуп келатышат. Бирок башында бир туугандарыбыз расмий каттоодон өтө албай кыйналып келишкен. Буга бир топ жыл талап кылынган.

1945-жылдын 13-октябрында бүтүндөй Бразилиядагы Жахабанын Күбөлөрү өкмөткө расмий өтүнүч менен кайрылып арызга кол коюп чыгышкан. Бир күндүн ичинде эле, болжол менен, 400 жарчы 44 411 кол чогултан. Андан кийин Жахабанын Күбөлөрү арызды президенттин резиденциясына жөнөтүшкөн. Бирок эч кандай жооп болгон эмес.

1946-жылы Бразилияда жаңы Конституция кабыл алынган. Жаңы кабыл алынган Конституциянын аркасында Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомуна расмий түрдө катталууга жол ачылган. Ошол жылы ар бир ай сайын, орто эсеп менен, 442 жарчы кабар айткан.

Жахабанын Күбөлөрүнүн ийгиликтерине диний жетекчилердин каары кайнап чыккан. Ошондуктан 3 жылдан кийин, 1949-жылы 3-ноябрда, диний төбөлдөрдүн кысымы менен Бразилиянын президенти ишибизге тыюу салып, Күзөт мунарасы коомун жаап салган. Бир туугандарыбыз сотко кайрылышкан. Сот майданында кармаш бир топ жылга чейин, 1957-жылдын 8-апрелине чейин, созулуп кеткен. Бактыга жараша, өлкөнүн жаңы президенти Жахабанын Күбөлөрүнүн таламын талашып, бул кармашты соңуна чыгарган.

Юридикалык кыйынчылыктардан улам боордошторубуз ынтасын суутуп отуруп калышкан эмес. Жахаба аларга арка-бел боло берген. 1941-жылы чөмүлгөн жана Бразилиядагы Күзөт мунарасы коомунун алгачкы мүчөлөрүнүн бири болгон Мендис Сото мындай дейт: «Биз Жахабага дайыма ишенчүбүз, ага таянчубуз, ынтабызды эч качан сууткан эмеспиз. Ошондуктан жарчылардын саны укмуш өсө берген. 1947-жыл биз үчүн өзгөчө жыл болду: Жахабанын Күбөлөрүнүн саны биринчи жолу 1 000ден ашкан».

Ошондон бери Бразилияда Жахабанын Күбөлөрүнүн саны күн санап өсө берген. 2021-жылы өлкө боюнча жарчылар эң жогорку санга — 913 479га — жеткен. Ал эми Эскерүү кечесине 2 184 856 киши катышкан. «Ишеним күч берет!» деп аталган 2021-жылдын жыйыны 15 тилге, анын ичинде түпкүлүктүү эл сүйлөгөн 10 тилге, которулган.

Жахаба Бразилиядагы кабар айтуу ишин укмуштуудай эле колдоп келген жана ишенимдештерибизге соттордо укуктарын коргогонго аябай жардам берип келген. Бул Жахабанын ага таянгандарды куткара турганын дагы бир жолу тастыктап турат (Ышая 25:9).