28-ДЕКАБРЬ, 2020
БРАЗИЛИЯ
Бразилиянын Санта-Катарина штаты суу каптоодон, жер көчкүдөн зыян тартты
Болгон жери
Бразилиянын түштүгүндөгү Санта-Катарина штаты, Вали-ду-Итажаи аймагы
Кырсык
2020-жылдын 17-декабрында, бейшемби күнү, нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, жер көчкөн
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
22 жарчы башка жакка көчүрүлгөн
Өкүнүчтүүсү, үйү жер көчкүдөн талкаланганда, 65 жаштагы ишенимдешибиз каза болгон
Мүлккө келтирилген зыян
15 үй анча-мынча зыянга учураган
Жардам берүү иштери
Кырсык болгондо жардам берүү комитети (КБЖБК), райондук көзөмөлчү жана жергиликтүү аксакалдар кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерибизди, анын ичинде каза болгон бир тууганыбыздын жакындарын сооротуп-жубатып, колдоп жатышат
КБЖБК жергиликтүү ишенимдештерибизден турган топту түзүп, жабыр тарткан аймактарга зарыл жардам көрсөтүү, ылайга толуп калган үйлөрдү тазалоо иштерин көзөмөлдөөдө. Ошондой эле ал комитет ал жактагы жарчыларга 2 000 литрден ашуун таза суу жана азык-түлүк жеткирилишине кам көрүшкөн. Ишенимдештерибиз бул иш-чараларды COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларын бузбай аткарып жатышат
Бул табигый кырсыктан бир ишенимдешибиздин каза тапканы бизди кайгыртпай койбойт. Баарыбыз табигый кырсыктар, өлүм-житим болбой турган заманды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Аян 21:4).