Мазмунун көрсөтүү

4-ЯНВАРЬ, 2022
БРАЗИЛИЯ

Бразилиянын түндүк-чыгышы катуу жаандан кийин суу астында калды

Бразилиянын түндүк-чыгышы катуу жаандан кийин суу астында калды

2021-жылы 24үнөн 26сына чейинки декабрда Бразилиянын Баия штатында жаан чакалап төктү. 640 000ден ашуун киши жабыр тартты. Жаандан кийин суунун деңгээли көтөрүлүп, дамбалар жарылды. Кесепетинде бир канча шаарды суу каптап, жолдор талкаланып, байланыш үзүлүп калды.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Ишенимдештерибизден эч ким жаракат алган жок

  • 273 жарчы үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду

  • 109 үй анча-мынча талкаланды

  • 3 Падышалык залынын бир аз жерлери талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Кырсык болгондо жардам берүү комитети (КБЖБК) ишенимдештерибизди таза суу, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылды

  • Үйүнөн кетүүгө аргасыз болгон жарчылар туугандарыныкына же ишенимдештериникине убактылуу жайгаштырылды

  • Жардам берүү иши COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына ылайык жүргүзүлдү

КБЖБКда кызмат кылган Марсело Амбросио: «Бир туугандардын ортосундагы сүйүү ушунчалык дем-күч берди. Ошону көргөндөн кийин Жахабага мындан ары да бүт күчүңдү берип кызмат кылгың келип калат экен»,— деп ой бөлүштү.

Жаан-чачындын залакасын тарткан ишенимдештерибиз үчүн Жахаба «коопсуз чеп болору» шексиз (Забур 9:9).