Мазмунун көрсөтүү

4-ФЕВРАЛЬ, 2020
БРАЗИЛИЯ

Бразилияны каптаган селден кийинки тазалоо иштери

Бразилияны каптаган селден кийинки тазалоо иштери

2020-жылдын 18-январында Бразилиянын Эспириту-Санту жана Минас-Жерайс штаттарында тынбай куйган нөшөрдөн улам сел жүрдү. Суу көчөлөрдү бойлой агып, үйлөрдү каптап, унааларды агызып кеткен. Көп бак-дарактар да кулаган. Жергиликтүү бийликтегилердин маалыматына ылайык, миңдеген адамдар башка жакка кетүүгө аргасыз болгон жана 60тан ашуун киши каза тапкан.

Эспириту-Санту

Бул штаттагы Иконья жана Алфреду-Шавис шаарларында ташкындан 27 Жахабанын Күбөсү жашаган 9 үй катуу жабыркаган. Бактыга жараша, ишенимдештерибиздин эч кимиси жаракат алган же каза болгон эмес.

Ошол аймактагы 100гө жакын ишенимдешибиз селден улам жабыр тарткан бир туугандарыбызга жардамга келишкен. Жергиликтүү аксакалдар башка жыйналыштагылар жардам катары жөнөткөн азык-түлүктү, сууну жана кийим-кечени бөлүштүрүп беришкен. Ошондой эле алар ишенимдештеринин да, Жахабанын Күбөсү болбогон кошуналарынын да үйүн ылайдан тазалоого көмөк көрсөтүшкөн.

Минас-Жерайс

Бул аймактагы ишенимдештерибиздин эч кимиси жаракат алган же набыт болгон эмес. Анткен менен 5 Падышалык залы зыянга учураган жана 50дөй Жахабанын Күбөсү үй-бүлөсү менен үйлөрүн таштап кеткенге мажбур болушкан. Суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн айрым бир туугандарыбыз үйүнүн экинчи кабатына чыгышкан. Куткаруучулар аларды кайыктар менен алып кеткен. Үйлөрүнөн көчүрүлгөн боордошторубуздун баары башка ишенимдештериникинде убактылуу баш калкалоодо.

Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери Эспириту-Санту жана Минас-Жерайс штаттарындагы Жахабанын Күбөлөрүнө жардам берүү иштерин уюштуруп жатышат. Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери райондук көзөмөлчүлөр жергиликтүү аксакалдар менен бирге жабыр тарткан жарчыларды Ыйык Китептин негизинде сооротуп-жубатууда. Ошондой эле аларды зарыл нерселер менен камсыз кылууда.

Биз суу каптаган аймактарда жашаган ишенимдештерибиз үчүн тилене беребиз. Аларга күч-кайрат берип, жубатып жатканы үчүн жана ишенимдештери аркылуу кам көрүп жатканы үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз (Забур 28:7).