Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 31-ДЕКБАРЬ
БРАЗИЛИЯ

Бразилиянын Манаус шаарын өрт жалмады

Бразилиянын Манаус шаарын өрт жалмады

18-декабрда таң эрте Бразилиянын Манаус шаарында өрт чыгып, бери дегенде, 600 үй өрттөнүп кеткен. Кырсыктан каза тапкандар болбосо да, 4 киши жаракат алып, 200дөн ашуун киши башка жакка көчүүгө аргасыз болгон.

Бразилиядагы филиалдын билдирүүсүнө ылайык, бир туугандарыбыздын баары аман-эсен, эч кимиси жараат алган эмес. Бирок 10 бир туугандын үйү талкаланып, 18 жарчыга жана алардын Жахабанын Күбөсү болбогон туугандарына башка жакка көчүүгө туура келген. Филиалдын жетекчилиги алдында Кырсык болгондо жардам берүү комитети өрттөн жапа чеккен жарчыларга кам көрүүдө.

Биз өрттөн зыян тарткан Бразилиядагы бир туугандарыбыздын «кысталыш учурунда коопсуз чеп болуп» берген Жахаба Кудайыбызга мындан ары да таяна берерине бекем ишенебиз (Забур 9:9, 10).