17-МАРТ, 2023
ВАНУАТУ
Вануатуга бүлгүн салган эки тропикалык шамал
2023-жылдын 1-мартынан 4-мартына чейин Вануатуда 4-категориядагы эки тропикалык шамал катталды. «Жуди» деп аталган биринчи шамал салыштырмалуу азыраак зыян алып келди. Андан кийин «Кевин» деп аталган шамал башталып, ошол эле аймактарды жабыркатты. Ушул экинчи шамал өлкөнүн түштүк тарабындагы көптөгөн аралдарга, анын ичинде Эфате деген негизги аралга бүлгүн салып, чоң зыянга учуратты.
Ишенимдештерибизге тийгизген таасири
Ишенимдештерибизден эч ким каза болгон жок
3 үй талкаланды
30 үй бир аз зыян тартты
2 Падышалык залы зыянга учурады
Жардам берүү иштери
Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткандарды сооротуп-жубатып, зарыл жардам көрсөтүп жатышат
Жапа чеккендерге колдоо көрсөткөнгө Кырсык болгондо жардам берүү боюнча бир комитет түзүлдү
Санаасы санга бөлүнүп турган Вануатудагы ишенимдештерибизди Жахаба калтырбайт деп бекем ишенебиз. Ал мындан ары да аларды сооротуп, тынчтык бере берет (Забур 94:19).