Мазмунун көрсөтүү

Венесуэладагы бир туугандарыбыз жыйналыштарга жана кабар айтуу ишине катышканынын аркасында берилгендигинен жазбай келатышат

2018-ЖЫЛ, 5-НОЯБРЬ
ВЕНЕСУЭЛА

Венесуэлага байланыштуу жаңыртылган маалымат: Абалдын оордогонуна карабай ишенимин бек сактагандар

Венесуэлага байланыштуу жаңыртылган маалымат: Абалдын оордогонуна карабай ишенимин бек сактагандар

Венесуэладагы ишенимдештерибиз улам күчөп бараткан каржы каатчылыгынын запкысын тартууда. Венесуэладагы филиалга бир туугандарыбыздын кылмыштуулуктун курмандыгы болгону тууралуу билдирүү жума сайын келип турат. Андан тышкары, көптөгөн Падышалык залдарыбыз тонолгон. Бир туугандарыбыз тамак-аштын, дары-дармектин жана башка зарыл нерселердин жетишсиздигинен азап тартып жатышат. 2013-жылдан бери 20 000ден ашуун жарчы башка өлкөлөргө, анын ичинде Аргентинага, Бразилияга, Чилиге, Колумбияга, Эквадорго, Италияга, Перуга, Португалияга, Испанияга, Кошмо Штаттарга качууга аргасыз болгон a. Венесуэладагы 140 000ге жакын Жахабанын Күбөсү оор кыйынчылыктарга карабай Жахабага жигердүү кызмат кылууда.

Венесуэладагы филиал өлкөнүн ичинде жардам берүү ишин уюштуруп келет. Учурда 60 жардам берүү комитети бир туугандарды, негизинен, азык-түлүк менен камсыз кылууда. Ушул күнгө чейин Венесуэладагы филиал Бразилиядагы филиал менен кызматташып, 1 497 жыйналыштагы 64 000ден ашуун жарчыны жардам катары жөнөтүлгөн жүздөгөн тонна азык-түлүк менен камсыз кылды.

Венесуэладагы филиал бир туугандарга Жахабага ишенимдүүлүгүн сактап, мындан ары да кызмат кыла берүүгө жардам берүүдө. Жайында өлкөдө «Кайраттуу болгула!» деп аталган 122 региондук жыйын өткөрүлдү. Эң акыркысы 2018-жылдын 2-сентябрында болду. Көптөгөн бир туугандарга жыйынга катышуу үчүн каражат табуу жеңил болгон жок. Ошентсе да алар жыйындан күч-кубат алып, кайраттанышты.

Венесуэладагы Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги үмүт берерлик кабарды жарлап, көптөрдү жубатууда. Учурда жарчылар 200 000ге жакын киши менен Ыйык Китепти изилдеп жатышат. Жыйналышка жаңыдан келе баштагандардын да саны өсүүдө. Бир эле жылдын ичинде 7 259 киши чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болду.

Мындай рухий өсүш Жахаба Кудайыбыздын Венесуэладагы бир туугандарыбызды бекемдеп, күч-кайрат берип жатканын далилдеп турат. Биз Венесуэладагы бир туугандарыбыздын Жахабанын Падышалыгы азап-кайгынын баарын жок кылганга чейин ага таяна беришин сурап тиленип турабыз (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Венесуэладагы жагдай жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Венесуэла. Кыйынчылыктарга карабай сүйүү, ишеним көрсөтүү» деген тасманы көргүлө.

a Экономикалык, социалдык же саясий кыйынчылыктарга кабылган ишенимдештерибиз өлкөсүнөн көчүп кетеби же өлкөсүндө калабы, өздөрү чечиши керек. Уюм эч кимди башка жакка көчкөнгө же көчпөгөнгө үндөбөйт (Галатиялыктар 6:5).