Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 30-АВГУСТ
ВЕНЕСУЭЛА

Венесуэладагы Жахабанын Күбөлөрү каржы каатчылыгы күч алганына карабай, кабар айтканын улантууда

Венесуэладагы Жахабанын Күбөлөрү каржы каатчылыгы күч алганына карабай, кабар айтканын улантууда

НЬЮ-ЙОРК. Эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарында каржы каатчылыгы күч алганынын кесепетинде Венесуэлада абал оордогондон оордоп баратканы айтылууда. Венесуэладагы филиалдын комитети билдиргендей, каатчылыктан биздин бир туугандар да жапа чегүүдө. Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши буга абдан тынчсызданууда.

Куралданган адамдар Падышалык залдардагы электрондук каражаттарды жана башка баалуу буюмдарды тоноп кетиш үчүн жолугушуу өтүп жаткан маалда кирип барган учурлар көп болгон. Ошондой эле куралчан топтордун кагылышууларынын айынан бир туугандар Падышалык залдарына бара албай калгандыктан, кээде жолугушууларды үйлөрдө өткөрүүгө туура келүүдө. Көптөгөн ишенимдештерибиз алар иштеген ишканалар жабылып калганына байланыштуу жумушсуз калууда. Жеке ишканасы бар бир туугандар кылмышкерлердин жана кылмыштуу топтордун кол салуусуна дуушар болгондуктан, коопсуздугу үчүн ишканасын сатып, башка өлкөгө качып кетүүгө аргасыз болууда. Өкүнүчтүүсү, акыркы жылдарда, бери дегенде, 680 бир тууган уурдалган, 13 146дан ашык бир тууган куралданган тоноочулардан жабыр тарткан. Ал эми 144 бир тууган зордуктоого же зордуктоо үчүн жасалган аракетке дуушар болгон. Эң кейиштүүсү, 2017-жылдын 10-августунда келген маалыматка ылайык, 47 бир тууган киши колдуу болуп өлгөн. Айрымдары зарыл медициналык жардамды ала албагандыктан каза тапкан.

Жетектөөчү Кеңеш жапа чегип жаткан бир туугандарга ыктыярдуу тартуулардын эсебинен жардам көрсөтүш үчүн жагдайга көз салып турат. Ошондой эле Венесуэладагы бир туугандарга уюшкандыкта жардам көрсөтүлүшү үчүн дүйнө жүзүндөгү филиалдар менен байланышып турат. Себеби бир туугандардын өз алдынча жардам көрсөтүүгө умтулушу алардын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн.

Венесуэладагы филиалдын комитети өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтө турган жардам берүү комитетин түзгөн. Ал комитет бүт өлкөдөгү бир туугандарга кам көрүш үчүн түзүлгөн майда 24 комитетке көзөмөл жүргүзөт. Венесуэладагы 149 000ден ашуун жарчы «акыркы күндөрдө» болуп жаткан кыйынчылыктарга туруштук эле бербестен, башкаларга Ыйык Китептеги жубатарлык кабарды ого бетер ынталуулук менен жарыялап жатышат (2 Тиметей 3:1—5; 4:2). Венесуэладагы филиалдын өкүлү Луис Навас мындай дейт: «Жыйналыштарыбыз рухий жактан болуп көрбөгөндөй гүлдөп жатат. Жыйналышка келгендердин саны өсүүдө. Жарчылардын көбү, кызматта өтө сак болуу талап кылынганына карабай, пионердик кызматты баштап жатышат. Айланабыздагы адамдар биздин бейтараптуулукка бекем карманарыбызды, бүт өлкөдө күч алган кылмыштуулукка такыр аралашпай турганыбызды жакшы билишет. Ошондуктан аларга Ыйык Китепке негизделген, үмүт берерлик кабарды айтканыбызда, жакшы угушат».

Венесуэладагы Жахабанын Күбөлөрү бири-бирине мындан ары да жардам көрсөтүп, бардык адамдарга жакшы кабарды жарыялай беришет. Дүйнө жүзүндөгү ишенимдештери болсо колдоо көрсөтүп, алар үчүн тиленип турушат (Римдиктер 12:12, 13; 2 Корунттуктар 1:3, 4).

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Венесуэла: Луис Навас, тел.: +58-244-400-5000