Мазмунун көрсөтүү

Венесуэладагы Эскерүү кечесине катышып жаткан ишенимдештерибиз

21-АПРЕЛЬ, 2021
ВЕНЕСУЭЛА

2021-жылдын Эскерүү кечеси. Венесуэла

Кыйынчылыктарга карабай Венесуэладагы ишенимдештерибиз Эскерүү кечесин белгилөөнүн жана башкаларды чакыруунун жолдорун табышты

2021-жылдын Эскерүү кечеси. Венесуэла

Венесуэладагы Жахабанын Күбөлөрү дагы деле каржы каатчылыгынын азабын тартып, өлкөдөгү туруксуздуктун айынан кыйналып келишет. Андан тышкары, COVID-19 пандемиясы да бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Ошентсе да алар ар кандай жолдорду ойлонуштуруп, Машаяктын Эскерүү кечесин белгилешкен, ага башкаларды да чакырганга аракет кылышкан.

Алсак, Эскерүү кечесине 2 жума калганда Ла-Викторияда, Колумбияга чектеш жайгашкан Апуре штатында кагылышуулар башталган. Ал жактагы жыйналыштагы жарчылар Колумбияга качканга аргасыз болушкан. Колумбиядагы Араукита жыйналышындагылар Венесуэладан келген ишенимдештерине Эскерүү кечесине онлайн катышканга жардам беришкен.

Жубайлар Эскерүү кечесинин баяндамасын рация аркылуу угуп жатышат

Фалькон штатындагы бир жыйналыштагы жарчылар телефон да, Интернет да жакшы тартпаган аймакта жашашат. Ошол себептен 70 жарчыдан турган ал жыйналыш Эскерүү кечесинин баяндамасын угуш үчүн рацияны колдонушкан.

Бир ишенимдешибиз: «Бири-бирибизди көрө албасак да, кучактай албасак да, бир туугандардын үнүн уга алганыбызга сүйүндүк. Баарыбыз чогуу отургандай эле болдук»,— деген.

Эскерүү кечесине бир нече күн калганда жыйналыштар максаттуу түрдө өлкөнүн алыскы аймагында жашагандарды чакырууга аракет кылышкан. Каалоочулар баяндаманы уга алыш үчүн, бир туугандар анын ар кандай жолдорун ойлонуштуруп коюшкан. 3 000ден ашуун чакыруу барагы жөнөтүлгөн. Натыйжасы кандай болгон? Алардын аракетинин акыбети кайтып, деңиз жээгине жакын жайгашкан Арая шаарында 100дөн ашык киши Эскерүү кечесинин баяндамасын телефон аркылуу угушкан.

Бир тууганыбыз радио аркылуу айтылып жаткан баяндаманы угуп жатат

Андан тышкары, Венесуэладагы филиал Эскерүү кечесинин баяндамасы 82 радиостанция жана телеканал аркылуу берилишин уюштурган. Ушундай жол менен Эскерүү кечесин, бери дегенде, 8 000 Жахабанын Күбөсү жана чындыкка кызыккандар белгилей алышкан. Программаны гуахибо, пемон, пиароа, пуме, варао, ваюунаики, екуана тилдеринде сүйлөгөндөр да уга алган.

Боливар штатындагы Гуасипати шаарында Эскерүү кечесинин баяндамасы 18:30да радио аркылуу берилери пландаштырылган. Өкүнүчтүүсү, ал аймакта электр жарыгын бир нече убакытка өчүрүп турушат. Андай болсо, көптөр Эскерүү кечесинин баяндамасын толук уга албай калышмак. Анткен менен радиостанциядагы айрым көйгөйлөрдөн улам баяндама ошол кечте 10дон ашык жолу кайра-кайра кайталанып угузулган. Мунун аркасында каалоочулардын баары баяндаманы толугу менен ар кайсы убакта уга алышкан. Отчётко ылайык, аны 600дөн ашуун киши уккан. Бир ишенимдешибиз: «Жахаба эч кимдин бул баяндамадан куру калышын каалаган жок!» — деп айткан.

Венесуэладагы ишенимдештерибиз «ар кандай сыноолорго» карбай Жахабанын алардын Эскерүүнү белгилеш үчүн жана башкаларды чакырыш үчүн жумшаган аракетине батасын бергенин көрүп, «абдан кубанып жатышат» (1 Петир 1:6, 7).