Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 15-МАЙ
ГАИТИ

«Мэтью» катуу шамалынан кийинки жардам берүү иши аяктап баратат

«Мэтью» катуу шамалынан кийинки жардам берүү иши аяктап баратат

Кырсык болгондо жардам берүү комитети бул үйдүн чатырын алмаштырды.

ПОРТ-О-ПРЕНС шаарында (Гаити) 2016-жылдын 4-октябрында «Мэтью» деп аталган катуу шамал болгон. Мындай катуу шамал 50 жылдай убактан бере боло элек болчу. Гаитиде 2010-жылдагы жер титирөөдөн кийин мынчалык катуу зыянга учураткан кырсык болгон эмес. 2016-жылдын 24-октябрында jw.org веб-сайтындагы «Жаңылыктар» деген куржунга чыккан макалада Жахабанын Күбөлөрүнүн жардам көрсөтүүгө дароо киришип, жабыр тарткандарга тамак-аш, дары-дармек, чатырларды жөнөткөнү жазылган. Канчалык зыян келтирилгени аныкталгандан кийин Жахабанын Күбөлөрү 2017-жылдын 1-январында жардам көрсөтүү ишин кайра баштаган. Ишти Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 3 комитет көзөмөлдөгөн жана куруучулардын 14 тобу катышкан. Ал топтор талкаланган, зыянга учураган 203 үйдү оңдоого киришкен. Жахабанын Күбөлөрүнүн кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү иши 2017-жылдын июнь айында бүтөрү болжонууда.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Порт-о-Пренстеги филиалынын өкүлү Даньель Лене: «Бул долбоордун максаты — кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерибиздин баарын ылайыктуу турак жай менен камсыз кылуу»,— деген. Бул максатка жетүү оңойго турган жок. Лене мырза байланышуу системасынын жана жолдордун зыянга учураганы «жардам берүү ишин оордотконун» билдирген. 20-апрелге чейин 96 үй оңдолуп бүткөн жана 30 үйдө оңдоо иштери жүрүп жаткан.

Смит Матурин, Парламенттеги катуу жабыркаган Пайлент жана Петите Ривиере де Ниппес жамааттарынын өкүлү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнө жардам көрсөтүү ишин жүргүзүп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришкен. Парламенттеги катуу жабыркаган Пайлент жана Петите Ривиере де Ниппес жамааттарынын өкүлү Смит Матурин мындай деп айткан: «Жахабанын Күбөлөрүнүн негизги максаты кабар айтуу болсо да, алар муктаж болгондорго жардам берүүгө дайым даяр». Анан мындай деп кошумчалаган: «„Мэтью“катуу шамалынан кийин жардам берүү ишине салым кошкон Жахабанын Күбөлөрүнө аябай ыраазымын. Силер оор учурда чиркөөңөрдөн чыкпай отуруп алган жоксуңар. Зарыгып тургандарга чоң жардам көрсөттүңөр».

Гаитидеги Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалынын өкүлүнө оңдолуп жаткан чатырды көрсөтүп жатышат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу: Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Гаити: Даньель Лене, тел: +509-2813-1560