Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 5-ИЮНЬ
ГВАТЕМАЛА

Гватемалада жанар тоо атылууда

Гватемалада жанар тоо атылууда

2018-жылдын 3-июнунда, жекшемби күнү, Гватемалада «от жанар тоосу» деп да белгилүү болгон Фуэго жанар тоосу атылды. Жанар тоо бүрккөн лава дарыядай агып, түтүнү 9 километрдей бийиктикке көтөрүлдү. Кырсык таасир эткен аймакта, бери дегенде эле, он жыйналыш бар. Бактыга жараша, бир туугандарыбыздын бири да жабыр тарткан жок, анткен менен алдын ала коопсуздук чаралары көрүлүп, сегиз бир тууган коопсуз аймакка көчүрүлдү. Коңшу аймактагылар, 2 Корунттуктар 8:14, 15те жазылгандарга ылайык, азык-түлүк, баш калкалоочу жай жана унаа сунуш кылышты.