Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 26-ИЮНЬ
ГВАТЕМАЛА

Гватемаланын Мексиканын чек арасына жакын жеринде катуу жер титирөө болду

Гватемаланын Мексиканын чек арасына жакын жеринде катуу жер титирөө болду

2017-жылдын 14-июнунда, шаршемби күнү, Гватемаланын батышында — Мексиканын чек арасына жакын жерде — катуу жер титирөө болгон. Жахабанын Күбөлөрү кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүп жатышат. Акыркы жаңылыктарга ылайык, кубаттуулугу 6,9 баллга жеткен ал жер титирөө, бери дегенде, 5 кишинин өмүрүн алып кеткен жана бир канча жерде жер көчкү болушуна себеп болгон.

Берилген маалыматка ылайык, кырсык болгон аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимиси өмүрүнөн айрылган же жаракат алган эмес. Бирок алардын 11 сыйынуу жайы, 17 үйү талкаланган. Борбордук Америкадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Мехико шаарындагы филиалы Гватемалада жардам берүү боюнча 3 комитет уюштурган. Ал комитеттер кырсык канчалык зыянга учуратканын аныктап, жабыр тарткандарды зарыл нерселер менен камсыз кылган.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Мексика: Гамальель Камарильо, тел: +52-555-133-3048

Гватемала: Хуан-Карлос Родас, тел: +502-5967-6015