Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 31-АВГУСТ
ГОНКОНГ

«Хато» тайфуну Гонконг менен Макао шаарларын бүлгүнгө учуратты

«Хато» тайфуну Гонконг менен Макао шаарларын бүлгүнгө учуратты

23-августта, шаршемби күнү, 10-категориядагы «Хато» тайфуну Кытайдын түштүк бөлүгүн, анын ичинде Гонконг менен Макао шаарларын бүлгүнгө учуратты. Билдирүүлөргө ылайык, Гонконгдо эч ким каза болгон эмес, бирок 34 киши жаракат алган. Макаодо, бери дегенде, 9 киши набыт болуп, 153 киши жаракат алган.

Макаодогу Жахабанын Күбөлөрүнүн да ишин көзөмөлдөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн Гонконгдогу филиалы билдиргендей, бир туугандарыбыздын эч кимиси каза тапкан эмес. Бирок Макаодогу бир туугандарыбыздын көбү электр жарыгы өчүп калгандыктан жана таза суусуз калгандыктан кыйналышкан. Филиал ишенимдештерин таза суу жана азык-түлүк менен камсыз кылыш үчүн жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү менен кызматташууда.

Гонконгдо 5 500дөн ашык, Макаодо 320 Жахабанын Күбөсү жашайт.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Гонконг: Дэнни Стеэнсен, тел: +852-3950-3500