Мазмунун көрсөтүү

Улуттук кийимчен грузиялык үч бир тууган жыйынга келген делегаттар менен

2018-ЖЫЛ, 22-НОЯБРЬ
ГРУЗИЯ

Грузиянын Тбилиси шаарында атайын жыйын болуп өттү

Грузиянын Тбилиси шаарында атайын жыйын болуп өттү

2018-жылдын 20—22-июлунда Грузиянын Тбилиси шаарында «Кайраттуу болгула!» деп аталган атайын жыйын өткөрүлүп, ишенимдештерибиз 18 өлкөдөн келген делегаттарды тосуп алышты. Грузияда биринчи жолу өткөрүлгөн бул өзгөчө жыйында Ыйык Китепке негизделген баяндамалар айтылды, конокторго меймандостук көрсөтүлдү, ошондой эле делегаттар өлкөнүн ар түрдүү маданияты, кызыктуу тарыхы менен таанышышты.

Жыйын Тбилисидеги Олимпиадалык стадиондо болуп, жалпы жонунан 7 002 киши катышты. Программа түз эфир аркылуу дагы 80дей жерде көрсөтүлүп, аны уккандардын саны, баары биригип, 21 500дөн ашты. 208 киши чөмүлгөн бул жыйын эсте каларлык болду.

Рухий программадан тышкары, делегаттар Грузиянын маданияты менен таанышып, кубаныч алышты. Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү улуттук бийлери, музыкасы менен алардын көңүлүн ачышты. Ошондой эле делегаттар грузиндердин улуттук тамак-ашынан даам сызып, Тбилисинин кооз жерлерин көрүштү.

Грузиядагы филиалдын өкүлү Тамаз Хутсишвили мындай деп бөлүштү: «Биз бир кезде дин тутуу эркиндигине ээ эмес болчубуз. Эми болсо жергиликтүү бийлик башчылары менен кызматташуунун аркасында сонун мүмкүнчүлүккө ээ болуп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген көптөгөн бир туугандарыбызды ушул өзгөчө жыйында тосуп алып жатабыз» (Римдиктер 15:7).

 

2018-жылдын 20—22-июлунда Олимпиадалык стадиондо өткөн, 7 002 киши катышкан атайын жыйын. Өлкөнүн башка жактарында программаны түз эфир аркылуу көргөндөрдүн саны 14 912ге жеткен.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт күн сайын жыйындын соңку баяндамасын айтып жатты.

Жыйында 208 киши чөмүлүп, эсте каларлык болду. Чөмүлүү үчүн колдонулган бассейн Олимпиадалык стадиондун ичиндеги таш дубалдын жанына коюлду.

Программа түз эфир аркылуу 80дей жерде көрсөтүлдү.

Грузиялык эже-карындаштар чет элдик делегаттарды тосуп алууда. Алардын бири койдун жүнүнөн жасалган, Грузиянын тоолуу аймагындагылар кийчү баш кийимди кийип турат.

17, 18-июлда Тбилисиге жакын жерде жайгашкан Мухрани кыштагындагы Шато Мухрани имаратында концерттик программа уюштурулду. Коноктор Грузиянын улуттук музыкасын угуп, бийлерин жана Грузиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхына байланыштуу эки видеону көрүштү.

Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү аджарули бийин бийлеп жатышат. (Бийдин аты Кара деңизге жакын жайгашкан, Грузиянын түштүк-батышынан орун алган Аджара деген региондун атынан аталып калган.) Бийде ошол аймактагылар кийген грузин улуттук кийимдеринин көркү ачылат.

Жергиликтүү бир туугандар улуттук ырды хор түрүндө (полифониялык стилде) аткарууда.