Мазмунун көрсөтүү

ГРУЗИЯ

Грузия жөнүндө кыскача маалымат

Грузия жөнүндө кыскача маалымат

Жахабанын Күбөлөрү Грузияда 1953-жылдан бери бар. Алар расмий түрдө катталган жана жалпысынан Кудайга эркин сыйына алышат. Бирок кээде аларды жек көргөндөрдүн айынан кыйынчылыктарга кабылышат.

1999-жылдан 2003-жылга чейин диний экстремисттердин Жахабанын Күбөлөрүнө зордук-зомбулук көрсөткөнү күч алган. Укук коргоо органдарынын аларга карата эч кандай чара көрбөгөнү да жагдайды курчуткан. Ошол убакта Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактары жоюлуп, кайсы бир убакытка чейин каттоосуз болушун көздөгөн өтө улутчул бир депутаттын максаты ишке ашкан. Анын кесепетинде Жахабанын Күбөлөрүнө көрсөтүлгөн зордук-зомбулук күчөгөн. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү Адам укуктары боюнча Европа сотуна (АУЕС) алты доо арыз менен кайрылган. 2007-жылы жана 2014-жылы АУЕС бир добуштан эки чечим чыгарып, Грузия өкмөтүн диний себептен болгон кылмыштарды калыстык менен дароо чечип бербегени үчүн айыптаган. 2015-жылы Грузия өкмөтү АУЕСке Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарын 2001-жылы адилетсиз түрдө жойгонун мойнуна аларын билдирген.

Жахабанын Күбөлөрүнө көрсөтүлгөн зордук-зомбулук 2004-жылдан бери бир топ азайды. Алар ишин кеңири жүргүзүп, көптөгөн Падышалык залдарын курушту. Бирок диний себептен улам жек көрүп, ур-токмокко алгандардын курмандыгына айланган учурлары кездешет. Өкмөт көп учурда мындай кылмыштарга кайдыгер карап, чара көрбөгөндүктөн да жагдай курчуп жатат. Жахабанын Күбөлөрү Грузия өкмөтү АУЕСтин чечимине ылайык иш кылып, ырайымсыз мамиле кылгандарга карата кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзөрүнө жана аларды жоопко тартарына үмүттөнөт.