Мазмунун көрсөтүү

Ишенимдештерибиздин зыян тарткан үйлөрү (Гуам аралы, Дедедо кыштагы)

19-ИЮНЬ, 2023
ГУАМ

«Мавар» деп аталган тайфун Гуам менен Рота аралдарына бүлгүн салды

«Мавар» деп аталган тайфун Гуам менен Рота аралдарына бүлгүн салды

2023-жылдын 24-майында катуу тайфун Гуам менен Рота аралдарына чоң бүлгүн салды. Ал аралдарда 20 жылдан бери андай кубаттуу тайфун каттала элек болчу. Тайфундан кийин жаан башталып, жаандын катмары 70 сантиметрден ашып кеткен. Шамалдын ылдамдыгы болсо саатына 160 километрге чейин жеткен. Катуу шамалдан аралдардын таш-талканы чыгып, көп жерлерде суу да, электр жарыгы да өчүп калган.

Ишенимдештерибизге тийгизген таасири

  • Ишенимдештерибиздин арасында жапа чеккендер же каза болгондор жок

  • 3 үй талкаланган

  • 12 үй чоң зыянга учураган

  • 8 үй бир аз зыян тарткан

Жардам берүү иштери

  • Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар зар болуп тургандарга көмөк көрсөтүп жатышат. Тагыраак айтканда, Кудайдын Сөзү менен кайраттандырып, башка зарыл жардамды да көрсөтүп жатышат.

  • Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 2 комитет түзүлдү

Биз табигый кырсыктардан коркпой жашай турган күндү эңсеп күтүп келебиз. Ал кезде баарыбыз «мол тынчтыкка ырахаттанып» жашайбыз (Забур 37:11).