14-НОЯБРЬ, 2019
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Австриядагы жана Германиядагы араб тилинде сүйлөгөндөргө кабар айтуу үчүн өткөрүлгөн атайын өнөктүк
2019-жылдын 31-августунан 26-октябрына чейин Австриядагы жана Германиядагы араб тилинде сүйлөгөн адамдарга Ыйык Китептеги кабарды жеткириш үчүн атайын өнөктүк өткөрүлдү. Ага 19 өлкөдөн келген ишенимдештерибиз катышты. Өнөктүк учурунда 1 782 Жахабанын Күбөсү жалпы жонунан 40 724 саат кабар айтып, 4 483 жолу тасма көрсөтүп, 24 769 адабият таратты.
Акыркы бир нече жылдын ичинде бир миллиондон ашуун качкын Австрияга жана Германияга барган. Алардын басымдуу бөлүгү араб тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдөн. Качкындардын көбү Ыйык Китептеги жакшы кабарды ага чейин угушкан эмес. Канададан, Кошмо Штаттардан жана Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн барган Жахабанын Күбөлөрү Австриядагы жана Германиядагы арабча сүйлөгөндөргө кабар айткан 1 108 ишенимдешине көмөк көрсөтүшкөн. Алар баары биригип 24 аймакта, анын ичинде Берлин, Кёльн, Дрезден, Франкфурт, Грац, Гамбург жана Вена сыяктуу чоң шаарларда кабар таратышкан.
Бир жергиликтүү Жахабанын Күбөсү мындай деп жазган: «Өнөктүккө катышканыбыз баарыбызга жакшы таасир этти. Ушунчалык канат байлатат деп такыр ойлогон эмесмин. Башка жактан келген ишенимдештерибиз бизге дем-шык берди. Алардын жардамына абдан ыраазыбыз. Ал атайын өнөктүккө катышканыбыз биз үчүн чоң сыймык болду».
Араб тилинде сүйлөгөн бир жигит Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусуна катышкандан кийин ишенимдешибизден: «„Махабба“ деген сөз немисче кантип айтылат?» — деп сураган.
Ишенимдешибиз: «„Либе“ (сүйүү)»,— деген.
Ошондо ал жигит мындай деп айткан: «Силердин араңарда так ошол сүйүү өкүм сүрөт экен. Мага аябай жакшы мамиле кылдыңар. Баары мени менен кол алышып учурашып жатышты. Ар кайсы өлкөдөн келгендердин бири-бирин урматтап-сыйлап жатканына күбө болдум. Эгер адамдардын баары силердей болсо, дүйнө таптакыр башкача болмок деп ишенимдүү түрдө айта алам».
Дагы бир киши Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө: «Силер башкаларга жылуу-жумшак мамиле кылганды аябай жакшы үйрөнүп жатыптырсыңар. Силердей адамдарды чанда эле кездештиресиң»,— деген.
Жахабанын Күбөлөрү кабар айтып жүрүп, арабча сүйлөгөн жана Германияда жашап жатканына бир жылдай болуп калган бир жубайлардын үйүнө барган. Ал жубайлар аларды чайга чакырган. Ишенимдештерибиз эмне үчүн келгенин түшүндүргөндө, кожейкеси: «Силер Жахабанын Күбөлөрүсүңөрбү?» — деп сураган. Ишенимдештерибиз ошондой экенин айтканда, ал: «Чын элеби? Мен силерди канча айдан бери таппай жүрбөймүнбү. Силерди издеп темир жол бекетине чейин барып келгем. Үйүмө өзүңөр келип калган турбайсыңарбы. Силерди Кудай айдап келди!» — деп сүйүнгөн.
Ыйык Китептеги кабарды «бардык элдерге» таратыш үчүн уюштурулган ошол атайын өнөктүккө катышкан ынталуу ишенимдештерибизге Жахаба батасын мол берди (Матай 28:19).