Мазмунун көрсөтүү

«Ана» тропикалык шамалынын айынан бир катар өлкөлөрдү, анын ичинде Малави менен Мозамбикти суу каптап, үйлөрдүн таш-талканы чыкты

9-ФЕВРАЛЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

«Ана» тропикалык шамалы Африканын түштүк-чыгышын кыйроого учуратты

«Ана» тропикалык шамалы Африканын түштүк-чыгышын кыйроого учуратты

2022-жылдын 24, 25-январында Малави жана Мозамбикти «Ана» тропикалык шамалынан улам суу каптап, көп жерлерди чоң бүлгүнгө учураткан. Ондогон адамдар каза болгон, жолдор жуулуп кеткен, үйлөр талкаланып, миңдеген адамдар башка жакка көчүрүлгөн.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

Малави

  • Өкүнүчтүүсү, бир ишенимдешибиздин жубайы менен 3 жана 5 жаштагы балдары каза болуп калган. Алар бараткан куткаруучу кайык көңтөрүлүп кеткендиктен сууга чөгүп кетишкен. Жубайы Жахабанын Күбөсү эмес болчу

  • Бир ишенимдешибиз (аял) жана Жахабанын Күбөсү болгон жубайлардын 7 жаштагы кызы жаракат алышкан

  • 1 000дей бир тууганыбыз башка жакка көчүрүлгөн

  • 2 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланган

  • 100дөй үй катуу жабыркаган

  • Бери дегенде, 100 үй толугу менен талкаланган

Мозамбик

  • Ишенимдештерибиздин арасынан эч ким каза тапкан эмес

  • 2 бир тууганыбыз жаракат алган

  • 381 жарчы башка жакка көчүрүлгөн

  • 3 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланган

  • 3 Падышалык залы катуу жабыркаган

  • 3 Падышалык залы толугу менен талкаланган

  • 51 үйдүн анча-мынча жери талкаланган

  • 96 үй катуу жабыркаган

  • 79 үй толугу менен талкаланган

Жардам берүү иштери

  • Эки өлкөдө тең Кырсык болгондо жардам берүү комитети уюштурулган

  • Комитеттер муктаж болгондорду таза суу, тамак-аш жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылууга көмөктөшүүдө

  • Жардам берүү боюнча бардык иш-чаралар COVID-19 пандемиясына карата берилген көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлүүдө

Жахаба ишенимдештерибизге ушундай кыйын учурда күч береринен шектенбейбиз (Забур 46:1).