31-МАРТ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Баарын таштап чыгып кеткен украиналык качкындардын окуялары
«Жашоодогу эң баалуу нерсең бул Жахаба менен болгон мамилең экен»
Таңкы саат 5те Феми Дуродола менен жубайы Янага жыйналыштагы аксакалы чалган. «Аксакалыбыз бизге: „Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Тек гана даяр болуп тургула. Орусиянын аскер күчтөрү Киевди көздөй келатыптыр“,— деп айтты. Ошондо үстүмөн бирөө муздак суу куюп жибергендей эле болдум»,— дейт Яна.
Феми Нигериядан келген, Яна болсо Украинада төрөлүп-өскөн. Экөө жаңы эле баш кошкон болчу. Аксакалы чалгандан кийин, алар кийинип, үйүнөн акыркы жолу кофе ичишкен да, ошол күнгө берилген аятты окушкан. Күндөлүк аятты ачышса: «Тынчыңар кетпесе, ишеним артсаңар, бул силерге күч берет»,— деген сөздөр жазылыптыр (Ышая 30:15). Феми Жахабадан жалындуу тиленген. Анан алар өзгөчө кырдаалдар үчүн даярдалган баштыгын алып, баарын таштап, Нидерландияга качышкан.
2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салганда ушул жубайлар сыяктуу көптөгөн ишенимдештерибиз өлкөдөн качканга аргасыз болушкан. Украинада 130 000дей Жахабанын Күбөсү бар. Бүгүнкү күнгө чейин 36 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү өлкөнүн коопсузураак жагына, ал эми 16 000ден ашууну башка өлкөгө кетүүнү чечишкен. Көптөр үй-жайын, жумушун, жыйналышын калтырып кетүүгө мажбур болушкан. Согуш учурунда 18ден 60 жашка чейинки украиналык эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Бирок башка өлкөнүн жарандары өлкөдөн чыгып кете алышат.
Согуш жүрүп жаткан аймактан качып чыккан ал ишенимдештерибиз эң зарыл нерселерин эле алып алып, кайсы жакка бет аларын билбесе да, коопсуз жерге жетиш үчүн поезддерге, автобустарга отуруп, оңой эмес сапарга аттанышкан. Алар Жахабага ишеним артып, кайтып келер-келбеси белгисиз болсо да, согуштан улам талкаланган шаарлардан чыгып кетишкен.
«Биз баарын таштадык. Жаныбызга аз эле нерсе алдык. Бул жагдай бизге жашоодогу эң баалуу нерсең бул Жахаба менен болгон мамилең экенин эсибизге салды»,— дейт Яна.
Киевде жашаган Лилия Антонюк деген ишенимдешибиз үйүнөн аба чабуулун эскерткен сиреналарды жана жардыруулар болуп жатканын уккан. Жолдордун баары күйүп кеткен унаалардан, жарылган имараттар менен көпүрөлөрдүн калдыктарынан улам жабылып калган.
Лилия менен анын 17 жаштагы кызы Олександра өлкөдөн чыгып кетүүнү чечишкен. Алар жык-жыйма толгон поезд менен бир нече күн бою жол жүрүп, Польшага барышкан. Жегенге тамак-ашы дээрлик калбай калган, ошондой эле орун жок болгон үчүн бир нече саат бою туруп барганга туура келген. Польшанын Пшемысль шаарына жеткенде гана жүрөктөрү ылдыйлай түшкөн.
«JW.ORG деген плакаттарды көтөрүп турган бир туугандарды көргөндө кадимкидей жыргай түштүк»,— дейт Лилия. Ишенимдештери аларды жылынып, шам-шум этип, бир аз эс алып алышы үчүн алгач Падышалык залына алып барышкан. Андан соң дароо үйлөргө жайгаштырышкан.
Кийинчерээк Германияга көчүп кеткен Лилия мындай дейт: «Жахабанын бизге кам көрүп жатканын сезип, ишенимибиз бекемделди. Жахабанын бизге көрсөткөн сүйүүсүнө, кыйын кезеңде жардамга келген ишенимдештериме аябай ыраазымын».
Анастасия Ковалёва деген бир тууганыбыз аскерлердин Запорожье шаарына жасаган аба чабуулу тууралуу айтып берген. Ал бомбалардын жарылганынан айлана-тегерек жарык боло түшкөнүн көргөн жана жардыруулардын дабышы ал жашаган жерге чейин угулган. Анастасиянын жети жана үч жаштагы бөбөктөрү тынбай жарыла берген бомбалардан катуу коркуп калышкандыктан, алар балдарды алып алып тынчыраак жакка качууну чечишкен. Анастасия мындай дейт: «Биз жаныбызга көп нерсе ала алган эмеспиз. Ошон үчүн кийим жана башка нерселер керек болуп жаткан. Бир туугандар бизге эмне керек болсо, ошолордун баарын беришти, атүгүл ашыгы менен беришти». Анастасия, жеңеси Аня 2 баласы менен Польша аркылуу Германияга кетишкен.
Анастасия Щукина менен апасы Ольга Лысенко Винница облусунун Браилов деген чакан шаарчасында жарчыларга муктаждык көп жерде кызмат кылып жатышкан болчу. Согуш тутанып, аба чабуулу болору эскертилген сиреналар иштеген сайын, алар кичинекей үйүнүн муздак жер төлөсүнө жашынып жатышкан. Башында ошол шаарда эле калууну чечишсе да, жагдай уламдан-улам курчуй бергендиктен, алар качканга аргасыз болушкан. Эң зарыл нерселерин алып алышып, поездге түшүп, уйкунун бетин көрбөй 2 күн бою жол жүрүшкөн. Ден соолугу начар 58 жаштагы Ольгага качып чыгуу оңойго турган эмес. Бирок, бактыга жараша, алар түнкү 2де Ряшевге (Польша) аман-эсен жетип алышкан. Ишенимдештери аларды кучак жайып тосуп алышкан. «Түнкү 2де болсо да, Кудай кошкон бир туугандарыбыз бизди күтүп жатышыптыр. Жахабага жана боордоштугубузга миң мертебе ыраазыбыз»,— дейт Анастасия.
Украинанын Сумы шаарында Анджей Хиба менен жубайы Элизабет кызмат кылышчу. Ал өзү Польшанын жараны, жубайы болсо Британиядан келген. Согуш башталганда алар дагы 5 ишенимдеши болуп, бир бир туугандын үйүнүн жер төлөсүндө баш калкалашкан. Аларга сырттагы ары-бери учкан согуш учактардын үнү, атышуулар, бомбалардын жарылганы угулган. Алар Ыйык Китепке негизделген «Оо, Жахаба,.. мен өзүңө таянам» деген Хиския падыша жөнүндөгү драманы көрүп, кайраттанышкан.
«Бир туугандар бизге Забур 27-бөлүм сыяктуу Ыйык Китептеги күч-кайрат берген ар кандай аяттарды жөнөтүп жатышты»,— деп бөлүшөт Анджей. Азыр ал жубайы экөө Польшада.
Колунда болгон нерселеринен кол жууп калса да, согуш болбой турган келечекке үмүт арткан бир туугандарыбызды Жахабанын калтырбай турганынан кымындай да шектенбейбиз (Филипиликтер 3:8).