27-ИЮЛЬ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Батыш Европаны суу каптады
2021-жылдын 13—17-июлунда Бельгияда, Германияда, Люксембургда жана Нидерландияда жаан нөшөрлөп жаады. Ошондон улам дарыялар ташкындап, бир нече кишинин өмүрүн алып кетти. Суу ташкынынын канча жерди бүлгүнгө учуратканы такталып жатат. Айта кетчү нерсе, бул өлкөлөлөрдө акыркы жүз жылдыктын ичинде чоң зыянга учураткан мындай катуу суу ташкыны болгон эмес.
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Катуу жабыркагандар, өлгөндөр болгон жок
Бери дегенде, 304 жарчы көчүрүлгөн
100 үй катуу талкаланып калган
Бери дегенде, 242 үй анча-мынча жабыркаган
11 Падышалык залы талкаланган
Жардам берүү иштери
Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 4 комитет уюштурулду. Бельгияда, Германия менен Люксембургда жана Нидерландияда
Учурда КБЖБК үйлөрдү кургактоо, ичиндеги ылайды алып чыгуу, оңдоп-түзөө иштерин уюштуруп жатат
КБЖБК жана жергиликтүү аксакалдар башка жакка көчүрүлгөн ишенимдештерибизди убактылуу жашай турган жай, таза суу менен камсыз кылып жатат
Райондук көзөмөлчүлөр жабыр тарткандарды рухий, эмоциялык жактан бекемдеп жатышат
Жыйналыштар мурункудай эле онлайн өткөрүлүп жатат. Филиалдын комитетинин мүчөлөрү зыян тарткан жарчыларды бекемдеп-кубаттап жатышат
Жардам берүү иштери COVID-19га байланыштуу берилген көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлүүдө
Нидерландиядагы аксакалдар жыйналышындагы бир кары апага башка жерге көчкөнгө жардам берген. Анан анын Жахабанын Күбөсү эмес уулу менен байланышып, апасынын аман-эсен экенин айтышкан. Кийинчерээк ал апасына: «Сиздин диниңиз укмуш турбайбы. Сизге аябай жакшы кам көрүшөт экен!» — деген.
Бельгиядагы ишенимдештерибиздин бир туугандарына жардам берип жатканын өрт өчүргүчтөрдүн тобу көргөн. Анан өрт өчүргүчтөр ишенимдештерибизди эриш-аркак иштеп жатышканы, коопсуздукка олуттуу маани берип жатышканы үчүн макташкан. Ал эми Германиядагы ишенимдештерибиз өрт өчүрүүгө байланыштуу көрсөтмөгө кармангыла деп эч ким кыйнабаса деле ага бекем карманып жатышкан. Ал жактагы өрт өчүргүчтөрдү бул аябай таң калтырган. Алардын бирөөсү: «Өрт өчүргүчтөрдүн баары ушундай болсо гана!» — деп айткан.
Табигый кырсыктан жапа чеккен бир туугандарыбыз уюмубуздун жардамына аябай ыраазы болуп жатышат. Алар Жахабанын элин табигый кырсыктарга алдын ала дайындап жатканы үчүн Жетектөөчү Кеңешке да абдан ыраазы. Баарынан маанилүүсү, элине «жамандыктан коркпой, коопсуз жашаганга» мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан Жахабага миң мертебе ыраазы (Накыл сөздөр 1:33).