9-ИЮНЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Башка өлкөлөрдө жаңы жашоо баштаган украиналык ишенимдештерибиз
Харьковдо туулуп-өскөн Ирина Макуха — 46 жаштагы жалгыз бой ишенимдешибиз. Украинада согуш башталганда, өлкөдөн чыгып кеткени туура болот деп чечкен. Ирина Харьковдун темир жол вокзалына барган. Ал жакка барса, кымгуут, чаң-тополоң болуп жатыптыр. Эл, кайсы жакка бет аларын билбесе да, эптеп Харьковдон качып чыгыш үчүн туш келди эле поезддерге отурганга аракет кылып жаткан экен. Аскерлерге элди аткылаганга кыйыныраак болсун деп Ирина отурган поезддин терезелерин бир нерселер менен жаап салышыптыр. Жолдо кетип баратканда гана Ирина ал поезддин Словакияга сапар тартып баратканын билген.
Ирина 2022-жылдын 3-мартында Словакияга коңшу жайгашкан Чехиянын борбор калаасы Прагага көчүп барган. Азыр ошол жакта жашап жатат. Ирина мейманканага орношкон. Анын жумушу кардарларды тейлөө иштерине байланыштуу. Ал Украинадан качып келген башка эки кыз менен бир батирде турат. Чех тилин үйрөнүүгө киришип, 20 жылдан бери аркалап келаткан пионердик кызматын улантып жатат.
«Жахаба кызматчыларына өз уюму аркылуу кантип кам көрөрүн өз көзүм менен көрдүм. Бул менин ишенимимди ого бетер чыңдады»,— дейт ал.
Дээрлик 23 000 ишенимдешибиз башка өлкөлөргө кетүүнү туура көрүшкөн. Бирок ал жактагы жашоо да оңойго турган жок. Аларга жумуш, жашаганга жер табыш керек, керектүү документтерди даярдап, балдарды мектепке берип, жаңы тил үйрөнүш керек. Ошол ишенимдештерибиз айткандай, аларга рухий иштерди кылганы, ошондой эле жыйналыштагы бир туугандардын сүйүүсү ушундай коогалаңдуу учурда кыйынчылыктардын сормо сазына чөгүп кетпегенге жардам берип жатат.
Бул болсо Перчактардын үй-бүлөсүнүн: Анатолийдин, Оленанын жана алардын 17 жашар кызы Алинанын окуясы. Мурун алар Украинанын Николаевский облусунда жашашчу. Бирок бомбалар укмуш жаай баштаганга, 2022-жылы 6-мартта алар Румынияга бет алышкан. Анатолий Молдованын жараны болгондуктан ага Румынияга бүт үй-бүлөсү менен көчүп барганга уруксат беришкен. Олена башка жакка көчүү кандай болору жөнүндө мындай деген: «Бул чоң даракты тамыры менен жулуп алып башка жакка көчүргөнгө эле окшош экен».
Румыниядагы бир туугандардын жардамынын аркасында эми алардын өз үйү бар. Анатолий менен Олена жумуш табышты, ал эми Алина Украинадагы мурунку мектебинен эле онлайн билим алып жатат.
Румыниядагы боордошторубуз бул үй-бүлөгө түрлүү жардам көрсөткөндөн тышкары, дем-күч берип, Кудайга болгон ишенимин бекемдеп жатышат. Перчактардын үй-бүлөсү бөтөн эл, бөтөн жерде жалгызсырап калбашы үчүн, бир туугандар алар менен бат-баттан убакыт өткөрүүдө. Румын тили жөнүндө айта турган болсок, Анатолий аны бала кезинен бери билет. Ал эми Олена менен Алинага үйрөнүүгө туура келди. Аларга тил үйрөнүүгө JW Language тиркемеси жана жаңы жыйналыштагы бир туугандар менен кызматташканы жардам берип жатат.
Анатолий мындай дейт: «Ар бир жагдайда Жахабанын колу көз көрүнө эле көрүнүп турду. Бизди анын уюму аябай колдоп, ишенимдештерибиз бел болуп беришти. Жахаба ошентип бизди мээримине бөлөдү».
37 жаштагы Алина Гаврылюк менен анын 16 жашар уулуна, Владиславга, да жаңы жерге жайланышканга туура келди. Алар Украинанын Виннице шаарында жашашчу. Алинанын жолдошу согушка чейин өтүп кеткен болчу. 27-февралда ал уулу менен Польшанын Сувалки шаарына көчүп барган. Алина мындай дейт: «Башында каякта жашайбыз, кантип нан таап жейбиз деп санааркап жаткам. Бирок бир нерседен эч шектенген эмесмин: Жахаба такыр калтырмак эмес».
Сувалкиге көчүп барары менен Алина жолугушууларды калтырбай барып тургандагыдай жумуш издей баштаган. Анан барып мектепке вахтёр болуп орношкон. «Жумушумдун эң эле жакшы жери — кабар айтуу кызматына көбүрөөк катыша да алам, уулум экөөбүздү бага да алам»,— дейт Алина.
Азыр Алина менен Владислав поляк тилиндеги жыйналышка барып жатышат. Алар ошол тилди үйрөнүп, көмөкчү пионер болуп кызмат кылууда. Владислав болсо жаңы мектептин чоң класстарында окуп жатат.
Ооба, Украинадагы бир туугандарыбыздын жашоосу астын-үстүн боло түшкөндөй эле болду. Бирок Жахаба аларга адаттан тышкаркы күч берип келет. Алар 2 Корунттуктар 4:8де жазылган сөздөрдүн калетсиздигин өз жон териси менен сезип жатышат. Ал аятта: «Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, жарга такалган жокпуз; эмне кыларыбызды билбей турсак да, үмүт үзгүдөй абалда калган жокпуз»,— деп жазылган.