7-ИЮНЬ, 2023
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бейтелде экскурсиялар дүйнө жүзү боюнча кайрадан өткөрүлө баштады
2023-жылдын 1-июнунда дүйнө жүзү боюнча көптөгөн Бейтелдерде экскурсиялар кайрадан өткөрүлө баштады. Экскурсиялар COVID-19 пандемиясынын айынан үч жылдан бери өткөрүлө элек болчу. Ал күн Бейтел үй-бүлөсү үчүн жана экскурсияга келген миңдеген кишилер үчүн өзгөчө күн болду.
Бейтелде кызмат кылгандар жылуу жылмайып, «Кош келгиле!» деген плакаттарды көтөрүп алып, ыр ырдап, келген конокторду кучак жайып тосуп алышты. Эллис Ботт деген ишенимдешибиз Уориктеги (Нью-Йорк) бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкта пандемия маалында кызмат кыла баштаган. Ал мындай дейт: «Бейтелде кызмат кылгандар плакаттарды көтөрүп алып далистин сыртында тизилип турушту. Ошондогу сезимдеримди сөз менен айтып жеткире албайм. Көптөр кубанганынан көзүнө жаш алды. Муну көрүү Бейтел чын эле өзгөчө жер экенин эсиме салды». Бейтелге келип-кетип кызмат кылган Алексис Александр экскурсияга келгендерди тосуп алып, аларга меймандостук көрсөткөнгө катыша алганы үчүн абдан кубанган. Ал: «Ишенимдештерибиздин Жахабага жана анын үйүнө болгон сүйүүсүн көргөн бир башкача экен»,— дейт.
Ми-ён Жо сегиз жаштагы уулу Юнду Түштүк Кореядагы Бейтелге экскурсияга алып барганына аябай сүйүнгөн. Юн Бейтелди кыдырганы барарда ушунчалык толкундангандыктан, мурунку түнү араң уктаган. Ми-ён: «Биз көзүбүздү ачарыбыз менен Медер менен Алтынайдын Бейтелге барганы жөнүндөгү ырды уктук. Атүгүл машинеде да угуп бараттык»— деп ой бөлүшөт. Экскурсия ушунчалык жаккандыктан Юн мындай деген: «Бейтелге жаныбарлар эле жетишпейт экен. Жаныбарлар болсо эле, Бейиш болуп калмак экен».
Альбертадагы (Канада) Ноа Жонсен Нью-Йорктогу (АКШ) Бейтелге аябай баргысы келчү. Ал омуртка булчуңдарынын атрофиясынан жапа чегип келет. Ден соолугунун айынан самолёт менен уча албагандыктан, ата-энеси аны машине менен 4 100 километрдей жол жүрүп, Уолкиллдеги (АКШ) Бейтелге алып барышкан. Ноа экскурсия жөнүндө: «Барып келгенимди бир сөз менен эле айта турган болсом, „сүйүү“ демекмин. Жахабанын да, бир туугандарымдын да сүйүүсүнө бөлөндүм»,— деген.
76 жаштагы Фёдор Житников жубайы Юлита менен Казакстандагы Бейтелдеги музейге барганда кубанычы койнуна батпай сүйүнүшкөн. Музейдин бир бурчунда көптөгөн ишенимдештерибиздин ондогон жылдар бою берилгендигин кантип сактап келгени чагылдырылган көргөзмө бар. Фёдорго ошол көргөзмө өзгөчө жаккан. Анткени ал ошолордун бири болчу. Фёдор эмгек кылып ушул көргөзмөнү даярдагандарга чоң ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай деген: «Кызматыбызды, кылган иштерибизди бир туугандар унутпай, ушунча жылдардан бери эстеп жүрүшсө, анда Жахаба андан бетер унутпайт. Ал ар бирибиздин эмгегибизди баалайт!»
Дүйнө жүзүндөгү Бейтелдерде экскурсиялар кайрадан өткөрүлүп жатканы абдан кубандырат. Буюрса, дагы миңдегендер келет деп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Забур 122:1).
Төмөндө Бейтелдеги имараттарды, музейлерди кыдырып жүргөн ишенимдештерибиздин сүрөттөрү
Аргентина
Бельгия
Бразилия
Доминикан Республикасы
Эквадор
Франция
Казакстан
Жаңы Каледония
Нигерия
Түштүк Корея
Уолкилл (Нью-Йорк, АКШ)
Уорик (Нью-Йорк, АКШ)