Мазмунун көрсөтүү

Учурда Россияда жана Крымда камакта отурган ишенимдештерибиз

3-ЯНВАРЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Бир канча өлкө Жахабанын Күбөлөрүн кугунтуктоону токтотууну өтүнүп кайрылды

Бир канча өлкө Жахабанын Күбөлөрүн кугунтуктоону токтотууну өтүнүп кайрылды

2021-жылы 17-декабрда бир канча өлкө — Дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык шериктештиктин мүчөлөрү a — ишеними үчүн куугунтукталып жаткан Жахабанын Күбөлөрүнүн укуктары корголушун өтүнүп, биргеликте арыз менен кайрылышты. Арыз ээлери түрмөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн баарын тез арада бошотууну, аларды кыйнап, ур-токмокко алууну, үйлөрүн тинтүүнү жана кодулоону токтотууну суранышты.

Дүйнө жүзү боюнча, алсак, Крымда, Эритреяда, Орусияда, Сингапурда жана Тажикстанда ишеними үчүн 150дөн ашык Жахабанын Күбөсү абакта отурат. Дин тутуу эркиндиги боюнча шериктештиктин мүчөлөрү «Жахабанын Күбөлөрүнүн мурункудан көбүрөөк куугунтукталып жатканына» «абдан тынчсызданып жатышканын» билдиришти. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн «эч нерседен коркпой, басынтылбай, кодуланбай, куугунтукталбай» өз динин тутууга укуктуу экенин баса белгилешти.

Биз эркин сыйынуу укугубузду коргош үчүн иш-аракет кылып жаткан бейкалыс өкмөттөргө терең ыраазыбыз. Ошентсе да Жахаба Кудайга таянабыз. Анткени ал каршылыктарга дуушар болуп жаткан ишенимдештерибизди коргоп, аларга «тынчтык берет» (Ышая 26:3).

a Дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык шериктештик — бул дүйнө жүзүндөгү адамдардын дин тутуу жана Кудайга ишенүүгө болгон укугун коргоо максатында уюшулган өлкөлөрдүн бирикмеси.