Мазмунун көрсөтүү

Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрү көрөрмандарга кол булгалап жатышат

20-МАРТ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Гилат мектебинин өзгөчө бүтүрүү аземи

Гилат мектебинин өзгөчө бүтүрүү аземи

Негизи, Ыйык китептик Гилат мектебинин 148-классынын бүтүрүү аземи ага чейинки бүтүрүү аземдеринен айырмаланган жок. Болгону, залда жылдагыдай көрүүчүлөр болгон жок. Катышуучулардын баары программаны түз эфир аркылуу көрүштү. Пандемия күч алып жаткан маалда бул рухий программа Жахабанын уюмунун өзгөрүп жаткан жагдайга кандайча ылайыкташып жатканын көрсөтүп турат.

Программа 2020-жылдын 14-мартында Жахабанын Күбөлөрүнүн Патерсондогу (Нью-Йорк) билим берүү борборунда өттү. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт программанын төрагасы болду. Мектепти 55 студент аяктады a.

Бүтүрүү аземине чейинки жумаларда COVID-19 вирусу жөнүндөгү кабар бүт дүйнө жүзүнө тарады. Буга чейин jw.org сайтындагы «Жаңылыктар» деген бөлүктө айтылып өткөндөй, Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгы жагдайды улам иликтеп, бардык жыйналыштарга бийликтегилердин көрсөтмөсүнө карманууга байланыштуу жетекчилик берип жатты.

Мисалы, көп киши болуп чогулууга чек коюлган. Ушул жана башка себептерден улам Жетектөөчү Кеңеш аземге сырттан коноктор чакырылбайт деген чечим чыгарган. Андан тышкары, азем өткөрүлгөн залда көрүүчүлөр болбошу керек деп чечилген. Бейтел үй-бүлөсү жана Гилат мектебинин студенттери жетекчиликке баш ийүү жагынан мыкты үлгү көрсөтүштү (Жакан 13:34, 35).

Анткен менен Бейтел үй-бүлөсүнө жана аземге чакырылган конокторго программаны түз эфир аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мунун аркасында дүйнө жүзүндөгү 10 000ден ашуун ишенимдешибиз, анын ичинде бүтүрүүчүлөрдүн достору жана үй-бүлөлөрү аземди көрө алышты.

Жетектөөчү Кеңеш COVID-19 пандемиясына карабай, рухий иш-чаралардын, өзгөчө, жыйналыш жолугушууларыбыздын үзгүлтүксүз өткөрүлө беришин каалайт. Ошол себептен Жетектөөчү Кеңеш дүйнө жүзүндөгү филиалдарга жергиликтүү жагдай-шартка жараша жыйналыш жолугушууларын кантип өткөрүүгө байланыштуу атайын көрсөтмөлөрдү берген. Айрым жерлерде жарчылар чакан топ болуп же электрондук каражаттын жардамы менен видео байланыш аркылуу «чогулуп» жатышат. Биз дүйнөнүн чар тарабындагы ишенимдештерибиздин жыйналыштар аркылуу тынымсыз берилип жаткан рухий тамак менен азыктана береринен шектенбейбиз.

Жахабага өз уюмуна жардам берүүгө эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Анын күчү менен ар кандай кыйынчылыктарды жеңе алабыз (Забур 18:29).

a Гилат мектебинин 148-классынын бүтүрүү аземинин программасы толугу менен 2020-жылдын июнь айында jw.org сайтына чыгат.