Мазмунун көрсөтүү

Дахау концлагери жана Путинге жазылган ачык кат

2-ИЮНЬ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Дахау концлагеринин мурдагы туткундарынын бирикмеси Орусиядан Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктоону токтотууну талап кылды

Дахау концлагеринин мурдагы туткундарынын бирикмеси Орусиядан Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктоону токтотууну талап кылды

Дахау концлагеринин («Lagergemeinschaft Dachau») мурдагы туткундары негиздеген бул бирикме Орусия өкмөтүнөн Жахабанын Күбөлөрүнө көрсөтүлүп жаткан кордукту токтотууну талап кылууда. Ал бирикме 2021-жылдын 16-майында Орусиянын башчысы Владимир Путинге ачык кат жөнөткөн. Катта ишенимдештерибизге тынбай көрсөтүлүп келаткан кысым тууралуу айтылган.

Катта мындай деп белгиленген: «Жахабанын Күбөлөрү куугунтукталбаган бир да күн боло элек. Аларга каршы күн сайын жаңы иш козголуп турат. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жана полиция кызматкерлери бул уюмдун мүчөлөрүнүн үйүн тинтип, мүлкүнө зыян келтиришет. Аларды сабашат, кордошот. Аял-эркек дебей узак убакытка түрмөгө кесип салышат. Камак жайларындагы шарттарга байланыштуу жеңилдик берүү же мөөнөтүнөн эрте бошотуу боюнча доо арыздар дайыма эле четке кагылып келет».

Каттын соңунда: «Биз силерден Орусия Федерациясынын ар бир жаранын Конституция кепилдик берген дин тутуу эркиндиги менен камсыз кылышыңарды өтүнөбүз. Бул адилетсиздикти токтотушуңарды суранабыз!» — деп жазылган.

2021-жылдын май айына чейин Орусияда Жахабанын Күбөсү болгону үчүн 61 киши эркинен ажыратылды. Алардын арасында эки жылга түрмөгө камалган 70 жаштагы Валентина Барановская сыяктуу ишенимдештерибиз да бар. Ал 2020-жылдын июлунда инсульт болгон. 2021-жылы 24-майда сот анын да, 6 жылга түрмөгө кесилген уулу Роман Барановскийдин да доо арызын четке каккан.

Биз акыйкаттыкты жактагандардын жана Орусияда куугунтуктан азап чегип жаткан ишенимдештерибиздин пайдасы үчүн айткан ушундай сөздөрүнө абдан ыраазыбыз. Кандай болбосун, Жахаба өз элин куткарарына бекем ишенебиз (Даниел 12:1).