Мазмунун көрсөтүү

30-АПРЕЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз жан алгыч пандемиядан жапа чеккендерди жубатышууда

Дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз жан алгыч пандемиядан жапа чеккендерди жубатышууда

Бүтүндөй адамзаттын сак-саламаттыгы коркунуч алдында турган азыркы тапта, коопсуздук чараларына бекем карманган Жахабанын эли да эч кимди аябаган бул илдеттин азабын тартпай койгон жок (Насаатчы 9:11). Өкүнүчтүүсү, COVID-19 вирусу жайыла баштагандан бери ушу күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча 872 сүйүктүү бир тууганыбыздан айрылдык. Ишенимдештерибиз оор жоготууга туш болгондорго дароо жардам көрсөтүп, жубатып келишет (1 Корунттуктар 12:26). Ушундай кыйын кезеңде баарыбыз Филипиликтер 4:7де жан дүйнө тынчтыгын берүүнү убада кылган Жахаба Кудайыбызга таянабыз.

Уннютзер Ханнчен менен Манфред

Италиянын түндүгүндөгү Больцано шаарында атайын пионер болуп кызмат кылган Уннютзер Ханнчен Жахабанын элинин ошондой колдоосун сезгендердин бири болду. Тилекке каршы, 2020-жылдын 28-мартында күйөөсү Уннютзер Манфред коронавируска жеңилип, каза болду. Манфред ата өзү дээрлик 58 жыл, алардын 54 жылын жубайы менен бирге атайын толук убакыт кызмат кылды. 25 жыл райондук кызматты аркалашты. Сөөк коюуга видео байланыш аркылуу бир нече өлкөдөн 1 000дей бир тууган катышты.

Ханнчен апабыз сезимдерин мындай деп билдирди: «Ишенимдештериме чексиз ыраазымын. Мени бир саатка да жалгыз калтырышкан жок. Алардын сүйүүсүн токтобой аккан дарыяга салыштырар элем. Мени эмоциялык, рухий жактан кубаттап, керектөөлөрүмө кам көрүп жатышат. Кудай кошкон бир туугандарымды аябай жакшы көрөм».

Орду толгус жоготууга учураган Мария Жозе Монкада менен күйөөсү Дарвин да жалгыз калган жок. Алар тоолуу Эквадордо кечуа тилинде өткөрүлгөн жыйналышта кызмат кылышат. Ата-энеси бири-биринен алты күн аралыкта COVID-19 вирусунан баш көтөрбөй дүйнө салганда, Мария Жозе Монкаданын кабыргасы болуп көрбөгөндөй кайышты. 56 жаштагы апасы Фабиола Санта Жордан Гуякильдеги Прадерас жыйналышында үзгүлтүксүз пионер, ал эми 60 жаштагы атасы кызмат жардамчысы болуп кызмат кылышчу. Бул ооруга Мариянын эки бир тууганы да чалдыгып, бактыга жараша, сакайып кетишти.

Монкада Мария Жозе менен Дарвиндин Эскерүү кечесин белгилеп жаткан учуру

Жүрөгү тилинген Мария төрт сааттык жол аралыкта жашаган ата-энесин коюуга катышууну жана ушундай оор учурда үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнө жөлөк болууну аябай эле каалаган. Бирок тиленип, жагдайды таразалап көргөндөн кийин жолдошу экөө Гуякильге барбоону чечишкен. Алар күйүт тарткан туугандары менен видео байланыш аркылуу байланышкан. Мария: «Жагдай минтип курчуп турганда туугандарыбыз менен жолуксак, өзүбүздүн да, башкалардын да ден соолугуна коркунуч туудурмакпыз»,— деп айтат.

Албетте, Мариянын жан дүйнөсү эңшерилбей койгон жок, ошентсе да жолдошу экөө рухий иштерди токтотуп коюшкан эмес. Ал: «Жахабадан жетекчилик сурап, тынбай тиленип келебиз»,— дейт. Күйөөсү экөө Эскерүү кечесине даярдык көрүүнү уланта беришкен: кызыгуучуларын чакырып, Ыйык Китептен Исанын жердеги акыркы күндөрү жөнүндөгү билдирүүлөрдү калтырбай окушкан. Ошондой эле кат аркылуу кабар айтып, видео байланыш аркылуу жыйналыш жолугушууларына үзбөй катыша беришкен. Мариянын Жахабанын Күбөсү болбогон 9 тууганы испан тилинде өткөрүлгөн Эскерүүгө катышууга макул болгон.

«Кызыгуучуларга видео байланыш аркылуу жыйналыштарыбызга катышуу оңойго турбаса да, багынбай аракет кылышканын көрүп, абдан кубанып жаттык»,— деп бөлүшөт Мария.

Ал сөзүн мындай деп улайт: «Ачуу тажрыйбабыздан улам, кабылган жагдайыбыз канчалык оор болбосун, канчалык жаралабасын Жахабага кызмат кыла бериш керек экенин түшүндүк. Ошондо күйүттү көтөрүп кете алат экенбиз. Жахаба болсо батасын бербей койбойт».

Дүйнө жүзүндөгү боордоштугубуз жан алгыч илдеттин айынан жакындарынан айрылган ишенимдештеринин кайгысын тең бөлүшүп, алар үчүн тиленип келет. Баарыбыз Жахабанын ушу сыяктуу оорулар алып келген кайгы-капанын баарын түп-тамыры менен жок кылып, ишенимдүү кызматчыларын тирилте турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (1 Корунттуктар 15:21, 22).