Мазмунун көрсөтүү

Страсбургдагы (Франция) Адам укуктары боюнча Европа Соту

29-СЕНТЯБРЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Европа соту Орусиядагы жана Литвадагы дин тутуу эркиндигине байланыштуу чечимине чекит койду

Европа соту Орусиядагы жана Литвадагы дин тутуу эркиндигине байланыштуу чечимине чекит койду

2022-жылдын 7-сентябрында Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) Жахабанын Күбөлөрүнө тиешелүү 2 маанилүү чечим чыгарды. АУЕС 2022-жылдын 7-июнунда Орусиянын 2017-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганы мыйзамсыз экенин билдирген. Ошол эле күнү АУЕС аскерге баруудан баш тарткан Станислав Телятниковдун иши боюнча Литванын Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузганын билдирген.

Орусия да, Литва да 7-июнда чыккан чечимди кайра карашын сурап, АУЕСтин Чоң Палатасына кайрылышкан жок. Андыктан 2 өлкө тең АУЕСтин чечимин аткарууга, анын ичинде укугу бузулган ишенимдештерибизге кенемте төлөп берүүгө милдеттүү.

2022-жылдын 11-июнунда Орусия соттун чечимин аткаруудан качыш үчүн АУЕСтен чыгууну көздөгөн. Бирок АУЕС 2022-жылдын 16-сентябрына чейин жөнөтүлгөн Орусиянын Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузганы жөнүндөгү арыздарды дагы деле карай алат.

Биз АУЕСтин акыркы чечимдери күчүндө калып, дин тутуу эркиндиги урматталып, Исанын жолдоочулары Кудайга «толук берилгендик менен... тынч, бейпил жашай» алышы үчүн мындан ар да тилене беребиз! (1 Тиметей 2:1, 2).