Мазмунун көрсөтүү

30-ДЕКАБРЬ, 2019
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жахабанын Күбөлөрү «Идай» циклонунан кийин көптөргө жардам беришти

Жахабанын Күбөлөрү «Идай» циклонунан кийин көптөргө жардам беришти

2019-жылдын мартында «Идай» циклону Африканын түштүк-чыгышын бүлгүнгө учуратканда, Малавидеги, Мозамбиктеги жана Зимбабведеги филиал кырсыктан жабыр тарткан Жахабанын Күбөлөрүнө жардам бериш үчүн тез арада 14 комитет уюштурган. Бир туугандарыбыз ал үч өлкөдөгү ишенимдештерибиздин зыянга учураган 1 434 үйүнүн 650дөн көбүн кайра курушту же оңдоп-түзөштү. Талкаланган 29 Падышалык залынын 8и кайра курулуп 10у оңдолду.

Акыркы тогуз айдын ичинде чоң масштабда жүргүзүлгөн жардам берүү ишине 3 500төн ашуун ишенимдешибиз катышышты. Айрым ыктыярчылар алыс жактардан, алсак, Африканын ар кайсы өлкөлөрүнөн, Бразилиядан, Франциядан, Италиядан жана Кошмо Штаттардан келип жардам беришти. Адистиги бар ыктыярчылар жергиликтүү ишенимдештерибизди кыш коюу, жыгач менен иштөө сыяктуу жумуштарды кылууга үйрөтүштү.

Малавидеги курулуш тобундагы кызматчылар кайра курулуп жаткан үйдүн жанында

Мозамбиктеги Маника жана Софала провинцияларын кыйроого учураткан «Идай» циклону ишенимдештерибиздин түшүмүнүн 70дей пайызына зыян алып келген. Филиалдын көзөмөлү алдында Кырсык болгондо жардам берүү комитети жабыр тарткандарды 430дай тонна азык-түлүк менен, анын ичинде жүгөрү уну, төө буурчак, май, туз жана шекер менен камсыз кылган. Ошондой эле ишенимдештерибиз помидор, жүгөрү, күрүч отургузуп, түшүм ала алышы үчүн 5 тонна урук беришкен.

Малавинин филиалы табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү ишин 2020-жылдын февралында, ал эми Мозамбиктин филиалы 2020-жылдын январында бүтүрөйүн деп пландаштырып жатат. Зимбабведеги ишенимдештерибиз болсо, 2019-жылдын сентябрында табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин аягына чыгарган. Чоң масштабдагы бул жардам берүү ишине жалпы жонунан 4 000 000 доллар сарпталды.

Зимбабведеги филиалдын комитетинин мүчөсү жана кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү үстөлүндө кызмат кылган Трент Эдсон мындай деген: «Үйлөрү кайра курулган ишенимдештерибиз маңдайы жарыла кубанышты. Көптөр жергиликтүү ишенимдештерибиздин башка жактан келген боордоштору менен эриш-аркак иштеп жатканын көрүп аябай таасирленишкен. Баары колунан келген жардамын берүүгө дилгир болушту».

Африканын түштүк-чыгышын кыйроого учураткан бул циклондон зыян тарткан 10 000ден ашуун боордошторубуз менен бирге биз да «кыйын мезгилде» ишенимдештерибиз аркылуу сүйүүсүн көрсөткөнү үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз (Накыл сөздөр 17:17).

 

Ишенимдештерибиз Малавидеги Каллонгонжой жыйналышында кызмат кылган Уэйлосс менен жубайы Есина Мбендерага куруп берген үйү

Зимбабведе жашаган Нехемия Тигере менен жубайын Фатима Сенгами Тигере кайра курулган үйүнөн жанында турушат

Уитнесс Жахбоо жана Августин Камазии деген райондук көзөмөлчүлөр Малавидеги Нчало деген жерде үйү талкаланган үй-бүлөнү сооротуп жатышат

Ишенимдештерибиз Шимойо шаарындагы жардам берүү борборунда Мозамбиктеги боордоштору үчүн жүгөрүнүн данын түшүрүп жатышат

Чек арага жакын жашаган Мозамбиктеги ишенимдештерине зарыл нерселерди каноэге жүктөп, Шир дарыясын сүзүп өтүүгө даярданып жаткан бир туугандарыбыз

Малавидеги ишенимдештери жиберген зарыл нерселерди Мозамбиктеги Тенгани айылындагы Падышалык залына алып бараткан боордошторубуз

Мозамбиктеги Тенгани айылындагы Падышалык залына зарыл нерселерди алыш үчүн келген бир туугандарыбыз