Мазмунун көрсөтүү

Колумбуста өткөрүлгөн жыйын, 24—30-июль, 1931-жыл (Огайо штаты, АКШ)

23-ИЮЛЬ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жахабанын Күбөлөрү деп аталганыбызга 90 жыл болду!

Жахабанын Күбөлөрү деп аталганыбызга 90 жыл болду!

1931-жылдын 26-июлунда, жекшемби күнү, Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун ошол учурдагы президенти Жозеф Рутерфорд Колумбуста (Огайо штаты, АКШ) өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн. Жыйынга 15 000ден ашык киши чогулган. Ошондой эле жыйындын программасы дүйнө жүзү боюнча 450дөн ашуун радиостанция аркылуу уктурулган. Мындай нерсе ага чейин болуп көргөн эмес. Ошол жыйында Жозеф Рутерфорд угуучуларды «Жаңы аталыш» деп аталган резолюцияны кабыл алууга чакырган. Резолюцияда мындай сөздөр болгон: «Бизди башкалар мындан ары Жахабанын күбөлөрү деп таанышын жана ошентип аташын каалайбыз». (« Резолюция» деген кутучаны карагыла.) Ошондо жыйынга келгендердин баары бир үндөн «Ооба!» дешкен да, дүркүрөтө кол чабышкан.

Өмүр баяны «Күзөт мунарасы» журналынын 1986-жылдагы санына чыккан Артур Уорсли деген ишенимдешибиз ал окуя тууралуу: «Бир туугандардын ошондогу кубанычтуу үндөрүн, кол чапканын такыр унутпайм. Биз чогулган жер титиреп чыккандай эле болгон»,— деп айткан.

Стадиондун сыртында тыныгуу маалында пикирлешип жаткан бир туугандар

Жыйындын программасын радио аркылуу угуп жаткан башка өлкөдөгү ишенимдештерибиз да ал резолюцияны уга алышкан. Австралияда жашаган Барбер деген жубайлар: «Америкадагылар кол чаап жатышканда, Мельбурндагылар ордунан тура калып, кол чаап киришкен»,— деп эскеришкен. Резолюцияны Жапонияда чакан топ болуп чогулган бир туугандарыбыз да угушкан. Алардын арасында Матсю Ишии да бар болчу. Кийинчерээк ал: «Америкадагы боордошторубуз менен бирге биз да аябай кубандык»,— деп жазган.

«Жахабанын Күбөлөрү» деген аталыш басма түрүндө биринчи жолу чыккан «Кабарчы» деген гезит

Ошол жыйынга катышкандардын айтымында, алгач айрым жергиликтүү дүкөндөрдө ал жактарга кирүүгө чакырган «Кош келгиле, Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр!» деген жазуулар илинип турган экен. Бирок андан кийин ал жазуулар «Кош келгиле, Жахабанын Күбөлөрү!» дегенге алмаштырылыптыр. Жыйындын орчундуу жерлери Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому чыгарган «Кабарчы» деген гезитке чыккан. Ал гезиттин 1931-жылы 28-июлда чыккан санына Жахабанын Күбөлөрү деген аталыш биринчи жолу басма иретинде чыккан.

Жыйындан кийин көп өтпөй «Дүйнөгө үмүт берген Падышалык» деген китепчени таратуу боюнча өнөктүк өткөрүлгөн. Китепчеде жаңыча аталганыбыз жөнүндөгү резолюция да бар болчу. 2 жарым айдын ичинде анын 5 миллиондон ашуун нускасы таратылган. Аны дин кызматчылар, бийлик өкүлдөрү жана жеке ишкерлер да алышкан.

Көп тилде, анын ичинде Брайл арибинде чыккан «Дүйнөгө үмүт берген Падышалык» деген китепче. Анда жыйында жаңыча аталганыбыз тууралуу резолюция да камтылган. Китепче дүйнө жүзү боюнча таратылган

Мартин Пётцингер ошол убак тууралуу мындай деген: «Биз ар бир эшиктин алдында: „Мен бүгүн силерге Жахабанын Күбөсү катары келдим“ — дегенибизде, үй ээлери бизди таң кала карап жатышты. Алар: „Силер, эмне, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр болбой калдыңарбы? Диниңерди өзгөрттүңөрбү?“ — деп сурап жатышты». (« Кудайдын ысмы Жахаба экенин тааныткан карточкалар» деген кутучаны карагыла.) Бирок кийин элдер муну кандай кабыл алганы жөнүндө Мартин бир тууган: «Элдер мурдагыдай таң калбай калыптыр! Оозумду ача электе эле: „Сиз Жахабанын Күбөсү окшойсуз“ — дешчү»,— деп жазган.

Жыйындын программасынын баракчасынын биринчи бетине «J» жана «W» деген тамгалар жазылган. Ал тамгалар эмнени билдирери Рутерфорддун баяндамасында түшүндүрүлгөн (Англисчеде бул тамгалар Жахабанын Күбөлөрү деген сөздүн баш тамгалары (Jehovah’s Witnesses)).

1931-жылы өткөн тарыхый жыйынга Александр Макмиллан да катышкан. Жахабанын Күбөлөрү деп аталганыбыздын абдан туура болгону жөнүндө ал мындай деп айткан: «Менин оюмча, бул эң сонун чечим болгон. Жаңыча аталып калганыбыздын аркасында биздин кандай иш менен алек болорубуз, максатыбыз кандай экени баарына дароо эле айкын болуп калды. Буга чейин Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр деп аталчубуз. Анткени ошондой болчубуз. Бизге башка улуттагы адамдар да кошула баштаганда Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр деп аталганбыз. Бирок эми биз Жахаба Кудайдын күбөлөрүбүз. Бул сөздү укканда башкалар биздин ким экенибизди, кандай иш менен алек экенибизди дароо эле аңдайт».

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар Жахабанын Күбөлөрү деп аталганына абдан сыймыктанат (Ышая 43:10—12).