Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 4-НОЯБРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишинде жаңы жетишкендикке жетти. JW.ORG сайты эми 1 000 тилге которула баштады

Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишинде жаңы жетишкендикке жетти. JW.ORG сайты эми 1 000 тилге которула баштады

Жетектөөчү Кеңеш бардык элдерден шакирт даярдоо ишинде жаңы жетишкендикке жеткенибизди кулактандырууга кубанычта. Эми jw.org сайтында макалалар, тасмалар жана аудио жаздыруулар 1 000 тилде, анын ичинде, 100 жаңдоо тилинде чыга баштады.

2010-жылдын августунда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Сэмюэл Хёрд Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосун» италян жаңдоо тилинде чыкканын кулактандырууда (ал jw.org сайтында бар)

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш мындай деген: «Адабияттарыбызды которуу иши 150 жылдай мурун башталган жана акыркы жылдары адабияттарыбыз которулган тилдердин саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө». Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон мындай деп кошумчалаган: «2013-жылдын январында адабияттарыбыз которулган тилдердин саны 508ге жеткен. Ан үчүн жүз жылдан көбүрөөк убакыт талап кылынган. Бирок жети жылдын ичинде эле адабияттарыбыз которулган тилдер дээрлик эки эсеге, 508ден 1 000ге, көбөйгөнү таң калтырбай койбойт».

Сайтыбыздан 1 000 тилде маалымат жүктөп алса болот. JW.ORG сайтыбыздын башкы бетин жана башка беттерин 821 тилде көрүүгө болот. Ошондуктан сайтыбыз дүйнөдөгү эң көп тилде которулган сайт болуп эсептелинет. Которуу ишинин көбүн дүйнө жүзү боюнча 350 алыскы котормо кеңселеринде кызмат кылган жакшы үйрөтүлгөн ыктыярчылар кылууда.

Уориктеги (Нью-Йорк, АКШ) бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктагы Котормо топторун тейлөө бөлүмүн көзөмөлдөгөн Исак Марей бир тууган мындай деген: «Адабияттарды көп тилде которуу жана басып чыгаруу көп кыйынчылыктарды туудурат. Кээде адабияттарыбызды көп колдонулбаган тилдерде чыгаргыбыз келгенде, ал тилдерде бардык белгилер жок болуп калган учурлар болот. Ошондуктан көптөгөн жылдар бою адабияттарыбызды жүздөгөн тилдерде басып чыгаруу үчүн аябай көп белгилерди жана арип топтомдорун жасап чыктык. Ошондой эле адабияттарыбыз jw.org сайтында ушунча тилде чыгышы үчүн көп кыйынчылыктарды жеңдик. Интернетте ал тилдердин көбүндө адабияттар жок».

КБЭСти программалоо бөлүмүнүн көзөмөлчүсү Клайв Мартин мындай деген: «Бир эле сайтта макаланы белгилери жана түзүлүшү ар кандай болгон жүздөгөн тилде чыгаруу кыйын болду. Мисалы, сайтыбызда оңдон солго жазган 21 тил бар. Андан тышкары, сайтыбыз 100 жаңдоо тили үчүн өзгөчө долбоорлонгон. Анын аркасында кулагы укпагандар аны оңой колдоно алышат».

Коммерциялык сайттар, адатта, акча көп түшкөн тилдерде гана которулат. Жахабанын Күбөлөрү сайтты көп тилге которууда андай максатты көздөшпөйт. Биздин максатыбыз — Ыйык Китептеги кабарды аны уккусу келгендердин баарына жөнөкөй жана кызыктуу жол менен жеткирүү.

«Бардык элдерден шакирт даядоо» ишинде кылып жаткан аракетибизге батасын берип жатканы үчүн Жахабаны мактап-даңктайбыз. Жахаба: «Бүттү»,— дегиче, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды бүт дүйнө жүзүндөгү жүрөгү таза адамдарга айта беребиз. Ан үчүн анын күч жана керектүү нерселердин баарын бере береринен шектенбейбиз (Матай 28:19, 20).