14-СЕНТЯБРЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Жахабанын Күбөлөрү кайрадан үймө-үй кабар айта баштады
Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып кайрадан үймө-үй кабар айта баштады. Аны менен бирге Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштоо боюнча өнөктүк башталганы кубанычыбызга кубаныч кошууда. Көптөр буга чейин үймө-үй кабар айтып жүрсө, кээ бирлер Ыйык Китептеги жакшы кабарды ушундай жол менен биринчи жолу айтышууда. Ошентип, 2023-кызмат жылы дүйнөнүн булуң-бурчундагы ишенимдештерибиз үчүн абдан кызыктуу башталды. Буга төмөндөгү окуялар далил.
Германия
2022-жылдын 2-сентябрында Түндүк Рейн-Вестфалиядагы Петерсхаген деген шаарчада Николе менен Тина деген ишенимдешибиз көп кабаттуу үйдө кабар айтышкан. Бирок эч кимге жолуга алышкан эмес. Көп кабаттуу үйдөн чыгып баратышканда, аларды бир келин чакырып калган. Ал келин эшигин ачканга жетишпей калганын жана Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшкүсү келерин айтып, Николе менен Тинаны кайра үйүнө чакырган. Ишенимдештерибиз үйүнө кирсе — үстөлдүн үстүндө Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» туруптур. Көрсө, ал келин 3 жыл мурун аны Италияда жүргөндө алыптыр. Анан пандемия учурунда Германияга көчүп келип, Жахабанын Күбөлөрү менен байланышы үзүлүп калыптыр. Ишенимдештерибиз аны жыйналышка чакырышкан да, бири-биринин телефон номурларын жазып алышкан. 2 күндөн кийин ал келин 2 баласы менен жыйналышка барган. Аны менен Ыйык Китепти изилдей башташкан.
Гватемала
Мам тилинде сүйлөгөн жергеде атайын пионер болуп кызмат кылган Мануэл менен Кэрол Гастелумдар бир аялга жолугушкан. Ал аларды үйүнө киргизген. Ал аял Кудайдын ысымы бар экенин билчү эмес экен. Ошондуктан атайын пионерлер «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин «Кудай деген ким?» деп аталган 4-бөлүмүн чогуу талкуулашкан. Анан алар Ышая 42:8ди окуп беришкенде, тиги аял өзүнүн Ыйык Китебинен Кудайдын ысымы Жахаба экенин көрүп, айран таң болгон.
Ал көзүнө жаш алып, үйүндө Ыйык Китеп болгонунун өзү эле жетишсиз экенин түшүнгөнүн жана Ыйык Китепте эмнелер жазылганын дагы көбүрөөк билгиси келерин, ага ылайык жашагысы келерин айткан. 4-бөлүмдү талкуулап бүтүшкөндөн кийин, ал аял жаңы билген нерселери үчүн аябай ыраазы болгон. Ошондой эле билгендерин күйөөсүнө да айтып берерин айткан. Мануэл менен Кэрол аны менен маегин андан ары улантууда.
Жапония
Йокохамада бир жубайлар үймө-үй кабар айтып жүрүп, домофону бар бир үйгө туш болушкан. Домофондон бир аял жооп берген. Ишенимдештерибиз аты-жөнүн, Жахабанын Күбөлөрү экенин айтышкан. Үй ээси аларды күтүп турууну суранган. Анан бир аздан кийин эшигин ачып: «Ырас, келген турбайсыңарбы. Мен Жахабанын Күбөлөрүн күтүп жүргөм!» — деген.
Ал Нагасакиде жүргөндө Ыйык Китепти изилдей баштаганын, анан пандемия учурунда Йокохамага көчкөнгө туура келгенин, бирок изилдөөсүн Zoom аркылуу улантып жатканын түшүндүрүп берген. Бир жума мурун аны менен изилдеген ишенимдешибиз ага: «Сентябрда өнөктүк болот. Сага Жахабанын Күбөлөрү сөзсүз келет. Алар келгенде Ыйык Китепти бетме-бет изилдөөнү сурансаң болот»,— деп айтыптыр. Анан, ал айткандай эле, Жахабанын Күбөлөрүнүн келип калганына аябай таң калыптыр. Ал аял жыйналышка баргысы келерин айткан. Кийинки жолу Ыйык Китепти качан изилдээрин да сүйлөшүп алышкан.
Мексика
Бир жубайлар бир аялга Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштаптыр. Ал болсо буга чейин көп жыл бою Ыйык Китепти изилдеп, атүгүл жыйналыштарга барып жүргөнүн айтыптыр. Анан ортодон байланыш үзүлүп калганын, Кудайга жакпаган жашоо өткөрө баштагандыктан, кайра Жахабанын Күбөлөрүн издегенден уялып жүргөнүн түшүндүргөн. Ушунун баарын айтып берип жатып, ал ыйлай баштаган. Ошондо жубайлар Забур 10:17ни окуп берип, Жахабанын аны унутпаганына ынандырышкан. Ошондой эле Жахабага жаккандай жашагысы келери үчүн макташкан. Ал кайрадан Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон жана 16 жаштагы уулу да Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгиси келип жатканын айткан.
Эртеси жубайлар кайра барышса, ал аял уулу менен аларды күтүп отуруптур. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепченин 1-бөлүмүн талкуулагандан кийин жубайлар аларды жыйналышка чакырышкан. Жыйналышка баласы экөө тең келишкен. Учурда ал аял да, уулу да Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыштарга катышууда.
Пуэрто-Рико
Рамон кайрадан үймө-үй кабар айта баштагандын биринчи күнү кимдир бирөөгө жолугуп, ага Ыйык Китеп жөнүндө айтайынчы деп тиленген. Ал биринчи үйдү тыкылдатканда, бир аял эшигин кичине эле ачып, шыкаалап караган. Рамон аны менен учурашып, өзүн тааныштырган. Ал сунуштоосун айткыча эле, тиги аял: «Мен ушул күндү канчадан бери күтүп келаткам. Кудайдан силердин үйүмө келишин сурап тиленип жүргөм»,— деген.
Ал аял мындан бир нече жыл мурун Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, жыйналышка барып жүргөнүн айткан. Бирок башка жакка көчүп кеткендиктен, байланышы такыр үзүлүп калган. Рамон ага пандемия учурунда Жахабанын Күбөлөрү үймө-үй кабар айтпай калганын түшүндүргөн. Анан Забур 37:29ду окуп берип, Ыйык Китепти кантип чогуу изилдесе болорун көрсөтүп берген. Ал аял изилдөөгө дароо макул болгон. Рамон аны Жахабанын Күбөсү болгон бир эже менен тааныштырып койгон.
Бул окуядан кийин Рамон: «Жахабанын жана периштелердин бизди чындыкка суусап жүргөн адамдарга жолугушубуз үчүн жетектей турганына ого бетер ынанып калдым»,— деген.
Кошмо Штаттар
Кателин Томпсон деген бир ишенимдешибиз Кентуккиден үймө-үй кабар айтып жүрүп, бир үйдүн жанына барган. Ал үйдүн каттарды салган жашигинде Ыйык Китептен аяттар жазылып турганын жана короосунда «Иса сени жакшы көрөт» деген жазуу илинип турганын байкаган. Анан ал үйдүн эшигин тыкылдатканда, бир аял чыккан. Кателин өзүн тааныштырып, Жахабанын Күбөлөрү COVID-19 пандемиясынан улам адамдардын үйүнө келе албай калганын түшүндүргөн. Ошондой эле пандемия учурунда Жахабанын Күбөлөрү башкаларды жубаткан каттарды жазып, телефон аркылуу кабар айтканын айтып берген. Кателин ал аялдын, үй-бүлөсүнүн ал-жайын сураган. Ал аял пандемия учурунда атасынан айрылганын айткан. Анан: «Мен силердин каттарыңарды алчумун. Алар аркылуу Кудай мага мен эмнеге муктаж болуп турсам, ошону бергендей эле сезчүмүн»,— деген. Кателин ага көңүл айтып, анан аны менен чогуу «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китепчесинин 2-бөлүмүн талкуулаган. Ал 2-бөлүмдөн аяттарды окуп, келечектеги тирилүү жөнүндөгү үмүткө көңүл бурган. Ошондо тиги аял көзүнө жаш алып, атасынын көз жумганына туптуура бир жыл болгонун айткан. Ал Кателинге телефон номурун берип, анын дагы келишине макул болгон. Ошол эле күнү ал аял Кателинге: «Мен бүгүн жылуу сөзгө муктаж болуп тургам. Сага чоң рахмат!» — деп жазып жиберген.
Арийне, Жахаба биздин кайрадан үймө-үй кабар айта баштаганыбызга жана Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштоо боюнча өнөктүккө батасын берүүдө. Анын аркасында эң сонун натыйжа болоруна шек жок! (Жакан 4:35).
Багам аралдары
Камерун
Панама
Филиппин
Түштүк Корея
Кошмо Штаттар