3-МАЙ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Жахаба менен болгон мамилеңерге көңүл топтогула»
Украинадагы жана Польшадагы ишенимдештерибизди бекемдеген атайын программа
2022-жылдын 26-апрелинде Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Марк Сандерсон Украинадагы согуштан жапа чеккен бир туугандарын бекемдеш үчүн Польшага келген.
2022-жылы 30-апрелде болгон ал атайын программага Польшадагы жана Украинадагы бардык жыйналыштар чакырылган. Польшага Украинадан качып баргандар жана аларга жардам көрсөтүп жаткандар программаны Варшавадагы жыйын залына барып көрө алышкан. Ошондой эле программаны видео байланыш аркылуу Польшадан жана Украинадан 250 000ден ашуун киши көрө алышкан.
Марк Сандерсон ишенимдештерин мындай деп кубаттаган: «Дүйнө жүзүндөгү боордошторуңар силер жөнүндө ойлонуп, силер үчүн тиленип жатышат. Бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгыбызда күн сайын Орусиядагы, Украинадагы боордошторубуз үчүн тиленишет. Жетектөөчү Кеңештин жолугушууларында да дайыма тиленебиз». Ошондой эле ал угуучуларды: «Кыйынчылыктарга туш болгонубуз Жахабанын бизди колдобой калганын билдирбейт. Ал силерди көрүп турат, силерди жакшы көрөт. Жахаба кыйынчылыктарга туш болгондорго өзгөчө жакын»,— деп ынандырган.
Андан ары Марк бир тууган сөзүн улап мындай деген: «Жахаба менен болгон мамилеңерге көңүл топтогула. Биздин максат эптеп аман калуу эмес. Биз учурда туш болуп жаткан кыйынчылыктардын аркасында Жахабага жакындап, ага болгон ишенимибизди чыңдагыбыз келет. Жахаба бизди мына ушуга үйрөтүп жатат».
Одессада (Украина) аксакал болуп кызмат кылган Сергий мындай деп ой бөлүшкөн: «Акыркы жумалардан бери ар нерсеге сарсанаа болуп, күйүткө батып, коркунуч басып, уйкум качып жаткан болчу. Бирок атайын программа мени Жахабанын өз элине кам көрөрүн, атүгүл жеке ар бир кызматчысына көңүл бурарына ынандырды. Кадимкидей кайраттанып калдым».
Киевден (Украина) качып келген Татьяна: «Бүгүн Жахабанын чынында эле менин жанымда экенин сездим. Жахаба мени кучагына алып, сүйүүсүнө бөлөгөндөй эле болду. Чын эле, каякта болбойлу, Жахаба дайыма биз менен болот!» — деп айткан.
Биз ал ишенимдештерибизди аябай жакшы көрөбүз! Ошондой эле атайын программа аларды Жахабанын «ырайымы түбөлүктүү» экенине ынандырганына шектенбейбиз (Забур 136:1).