Мазмунун көрсөтүү

Артём Шаблий

1-АПРЕЛЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

«Жахаба — менин аска-зоом»

«Жахаба — менин аска-зоом»

2022-жылдын 16-февралында Крым Республикасынын Керчь шаардык соту Артём Шаблийди айыптуу деп таап, эки жылга шарттуу кесип жиберди. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, 26-май

    Бийликтегилер Артёмдун жана Крымдагы Жахабанын Күбөсү болгон дагы төрт үй-бүлөнүн үйүн тинтишкен. Алар терезелерди талкалап салышкандыктан, Артёмдун төрт жаштагы баласынын буттарын айнек кесип кеткен. Үч саат үйүн тинтишкенден кийин Артёмду кармап кетишкен жана үч күнгө камап коюшкан

  2. 2020-жыл, 9-июнь

    Артём Керчь шаардык сотуна кайрылып, ага каршы козголгон иш тууралуу маалымат беришин сураган. Сот андай өтүнүчтөрдү орундатууга милдеттүү болсо да, Артёмдун суранычын аткаруудан баш тарткан

  3. 2021-жыл, 24-май

    Сот отуруму башталган. Артёмду колдош үчүн көптөгөн ишенимдештерибиз барган. Бирок аларды сот залына киргизбей коюшкан

Жеке маалымат

Артёмдой болуп, биз Жахабанын ишенимдүү кызматчыларын дайыма колдой берерине, Орусия менен Крымдагы сүйүктүү ишенимдештерибизге мындан ары да аска-зоо, чеп, баш маана болуп берерине эч шектенбейбиз (Забур 18:2).