Мазмунун көрсөтүү

Фумико Такехара Наоки деген уулу менен үй-бүлөлүк сыйынуусунда «JW Жаңылыктар» деген бөлүктөгү макалаларды чогуу окуп жатышат

8-МАРТ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жаңылыктарды колдонуп балдарына кайраттуу болгонго жардам берип жаткан ата-энелер

Жаңылыктарды колдонуп балдарына кайраттуу болгонго жардам берип жаткан ата-энелер

 Жахабанын Күбөсү болгон көптөгөн ата-энелер «JW Жаңылыктар» деген бөлүккө чыккан макалаларды колдонуп, балдарына ишенимин бекемдегенге көмөк кылып жатышат.

 Жапонияда жашаган Фумико Такехара деген бир эне 12 жаштагы Наоки деген уулу менен «JW Жаңылыктар» деген бөлүктөгү макалаларды чогуу окуп, талкуулап турат. Алар макалаларга чыккан ишенимдештерибиздин сүрөттөрүн чыгарып алып, дубалга илип коюшат. «Биз алардын ар бирин өзүнчө айтып тиленебиз,— дейт Фумико.— Жахабанын аларга түрмөдө отурганына карабай кубанычын сактаганга жардам берип жатканын окуганда кадимкидей кайраттанып калабыз. Ал бир туугандарыбыздын жүзүнөн кубаныч даана байкалып турат. Алардын үлгүсү уулума мектепте Жахабага берилгендик көрсөткөнгө жардам берип жатат».

Занноу бир туугандардын үй-бүлөсүнө «JW Жаңылыктар» деген бөлүктөгү макалалар кызматта кайраттуу болгонго жардам берүүдө

 Ал эми Кот-д’Ивуарда жашаган эки баланын атасы Киланко Занноу: «Сайтыбыздагы „JW Жаңылыктар“ деген бөлүктү күн сайын карап турам»,— деп бөлүшөт. Анан ошол макалаларды үй-бүлөлүк изилдөөсүнө кошуп турат. Ал үй-бүлөсүнүн, анын ичинде жети жашар уулу Матиастын куугунтукту туруктуулук менен көтөрүп келаткан ишенимдештеринен көп нерсеге үйрөнүп жатканын байкаган.

 Матиас классташтарына кабар айткандан коркчу. Атасы мындай дейт: «Үй-бүлөлүк сыйынуудан кийин Матиас көздөрү жайнап: „Мындан ары кабар айткандан коркпойм!“ — деди».

 Индонезиядагы Холмес Симатупанг деген бир ата желекке таазим кылбаганы үчүн мектептен чыгарылган Индонезиядагы жаш Күбөлөр жөнүндөгү эки макаланы балдары менен чогуу окуган.

Симатупангдардын үй-бүлөсү мектепте Жахабага берилгендигин сактаган жаш Күбөлөр жөнүндө «JW Жаңылыктар» деген бөлүккө чыккан макаланы талкуулоодо

 Ал мындай деп айтып берген: «Биздин балдарыбыз да мектебинде ошол сыяктуу кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Желекке таазим кылбаганы, гимн ырдабаганы жана диний иш-чараларга катышпаганы үчүн мугалимдери, классташтары тарабынан дайыма кысымга алынышат. Ошонун айынан балдарыбыз бир нече убакыт бою мектепке баргандан коркуп жүрүштү».

 Ал андан ары мындай деп кошумчалайт: «Үй-бүлөлүк сыйынууда ошол эки макаланы талкуулагандыктан балдарыбыз желекке эмне үчүн таазим этпей турганын коркпой түшүндүрүп бере алышат. Алар мектептен чыгарылып калабыз деп да көп тынчсызданбай калышты».

 Бразилиядагы Лэди Нери Пассос деген ишенимдешибиз: «Уулубуз Педрого беш-алты жаштарында эле мектептен эмне үчүн туулган күндү белгилебей турганын түшүндүрүп берүүгө туура келген»,— дейт. Ага жардам бериш үчүн апасы «JW Жаңылыктар» деген бөлүккө чыккан макалалар жөнүндө ойлонгон. Ал макалаларда көптөгөн бир туугандарыбыздын кыйынчылыктарга алдын ала даярданганы жөнүндө айтылат. Лэди мындай дейт: «Биз үй-бүлөлүк изилдөө учурунда уулубузга мектепте туулган күн белгиленгенде эмне кылса болорун көрсөтүш үчүн ошондой жагдайды сахналаштырдык». Ошонун аркасында Педро ишенимин коргогонго даяр болуп калган.

Пассос бир туугандарыбыз уулуна көз карашын түшүндүргөнгө жардам бериш үчүн «JW Жаңылыктар» деген бөлүктү колдонушууда

 «JW Жаңылыктар» бөлүгүнө чыккан макалалар Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларын кайраттуу кылып, аларга кам көрүп жатканын көрсөтүп турат. Ырас, бизде, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, алардын баарын «кубанып, ыйык рухка толуп» көтөрө аларыбызга көптөгөн далилдер бар (Элчилер 13:50—52).