15-ОКТЯБРЬ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Жетектөөчү Кеңеш жолугушууларыбыз тандалган өлкөлөрдө жүзмө-жүз өткөрүлө баштарын кулактандырды
Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши дүйнөнүн ар кайсы жерлериндеги филиалдарды тандап, айрым жыйналыштарга жолугушууларды мурункудай бетме-бет жолугуп өткөрө баштоо үчүн сынак жүргүзүүнү сунуштады. Сынакка катышып жаткан филиалдар көпчүлүгү эмделген жана оорууну жуктуруп алуу ыктымалдуулугу аз болгон аймактагы Падышалык залдарын тандайт. Албетте, бул иш-чаралар бийликтегилер имараттын ичинде өткөрүлгөн жолугушууларга байланыштуу берген көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлөт. Бул туурасында дүйнө жүзүндөгү Бейтел үй-бүлөлөрүнө 2021-жылдын 15-октябрында, жума күнү, кулактандырылган.
Бул сынактын натыйжасы башка жыйналыштар да жолугушууларын мурункудай бетме-бет жолугуп өткөрө баштаса болор-болбосун аныктаганга жардам берет. Кулактандырууда уюмдун бетме-бет жолугууну талап кылган иш-чаралары, бери дегенде, 2022-жылдын 1-январына чейин мурунку бойдон калары да айтылды.
Жетектөөчү Кеңештин бүткүл дүйнөлүк боордоштугубузга көрсөткөн камкордугун жана жагдайга кылдат таразалап баа берип жаткандыгын жогору баалайбыз. Ушул иш-чараларга Жахабанын батасын бере беришин жана мындан ары да жетектей беришин сурап тиленишиңерди өтүнөбүз (Накыл сөздөр 14:16).