Мазмунун көрсөтүү

«Идай» циклону таш-талканын чыгарган Мозамбиктеги Бейра шаарынын чет жакасы

2019-ЖЫЛ, 27-МАРТ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

«Идай» циклону Африканын түштүк-чыгышын бүлгүнгө учуратты

«Идай» циклону Африканын түштүк-чыгышын бүлгүнгө учуратты

2019-жылдын 14-мартында, бейшемби күнү, «Идай» циклонунан улам Мозамбикте сел жүрдү. Циклон Малави менен Зимбабвеге чейин жетип, ал жакты да бүлгүнгө учуратты. Түштүк жарым шарындагы эң эле күчтүү деп эсептелген циклондордун бири болгон «Идай» циклону жолдордун, имараттардын таш-талканын чыгарып, 2 миллион 600 миңден ашуун кишиге зыян алып келди. Ошондой эле 200дөн ашык кишинин өмүрүн алып кеткени аныкталды. Өкүнүчтүүсү, Мозамбикте каза тапкандардын арасында эки эже-карындашыбыз, чөмүлө элек жарчы болгон эки бала бар. Ал эми Зимбабведе 14 жаштагы ишенимдешибиз үйүн сел алып кеткенде каза болгон.

Мозамбиктеги Инхамизуа кыштагында жайгашкан, «Идай» циклону талкалап кеткен Падышалык залы

Мозамбиктеги филиалдын билдиргенине ылайык, көптөгөн бир туугандарыбыздын үйлөрү жана Падышалык залдары зыян тарткан же талкаланып калган. Зимбабведеги филиал болсо бир туугандарыбыздын 15 үйү жана 2 Падышалык залы кыйроого учураганын билдирди. Ал эми Малавидеги филиалдын отчётуна ылайык, ишенимдештерибиздин 764 үйү талкаланып, 201и зыянга учураган. Ошондой эле 2 Падышалык залы зыян тарткан. Жалпысынан кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн 6 комитет түзүлгөн. Алардын экөө Мозамбикте, төртөө Малавиде уюштурулган.

Малавидеги эки бир туугандын дубалы урап калган үйүнүн чатырын жыгачтар тиреп турат

Табигый кырсыктан жапа чеккен бир туугандарыбыз үчүн баарыбыз кайгырып жатабыз. Биз жабыр тарткан ишенимдештерибиздин жан дүйнө тынчтыгын берген Жахаба Кудайыбызга таяна беришин сурап тиленип турабыз (Римдиктер 15:13).