Мазмунун көрсөтүү

25 жыл мурун Жахабанын Күбөлөрү watchtower.org деп аталган сайт чыгарышкан. 2012-жылы дүйнө жүзү боюнча эң көп тилге которулган jw.org сайты пайда болгон

17-АВГУСТ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

«Интернет аркылуу таратылган жакшы кабар»

Жахабанын Күбөлөрүнүн расмий веб-сайтына 25 жыл болду!

«Интернет аркылуу таратылган жакшы кабар»

Биздин уюм 25 жыл мурун watchtower.org сайтын расмий түрдө колдоно баштаган. 1997-жылдын ноябрь айындагы «Падышалык кызматыбызда» watchtower.org жаңы сайтыбыз жөнүндө «Интернет аркылуу таратылган жакшы кабар» деген макала чыккан. Ал макалада мындай делген: «Уюмбуз Интернетке биздин ишенген нерселерибиз, жүргүзгөн ишибиз тууралуу так маалымат салууну чечти... Жаңы веб-сайтыбыздын максаты — жаңы адабияттарды чыгаруу эмес, маалыматты жалпы элге электрондук түрдө жеткирүү».

Watchtower.org сайты 1997-жылы 15-январда иштей баштаган. Ал жактан каалагандардын баары баракчаларды, китепчелерди жана «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын жүктөй алышчу. Кийинчерээк, 1999-жылы, jw-media.org сайты ачылган. Ал сайт аркылуу Жахабанын Күбөлөрүнө тиешелүү окуялар, анын ичинде юридикалык маселелер жана уюмдагы ар кандай иш-чаралар тууралуу так маалымат берилген.

2005-жылы jw.org сайты пайда болгон. Аны бир канча убакытка чейин белгилүү бир адабияттар менен аудиожаздырууларды жүктөп алууга колдонушкан.

2012-жылы август айында ал үч сайт бириктирилип, жаңыртылып, jw.org деп аталып калган. 2012-жылкы «Падышалык кызматыбызда» жаңыртылган сайтыбыз тууралуу мындай делген: «Учурда Интернетти дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү колдонот. Көптөр, өзгөчө, жаштар маалыматты Интернеттен издейт... Жаңыланган бул сайт эң алыскы аймактарда жашаган адамдардын Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды угушуна жакшы шарт түзөт».

JW.ORG сайты көп жактан жакшыртылып, көп нерселер кошулган. Алсак, басма түрдөгү адабияттарды, аудио жана видео материалдарды 411 тилде жүктөп алууга мүмкүн болуп калган. Расмий веб-сайтыбыз пайда болгонунан 7 жылдай өткөндөн кийин болуп көрбөгөндөй өзгөрүү болгон. Сайтыбыз 1 000 тилге (100ү жаңсоо тили) которулган.

COVID-19 пандемиясы учурунда jw.org сайтыбыз эң сонун курал болду. Ошол учурда жыйналыш жолугушуулары бетме-бет өткөрүлбөй калгандыктан жана адабияттарыбызды басып чыгаруу, аларды жеткирүү мүмкүн болбой калгандыктан, сайтыбызга киргендердин саны кыйла өскөн. 2020-жылдын 7-апрелинде, Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү боло турган күнү, ал көрсөткүч эң жогорку деңгээлге жеткен. Ошол күнү сайтыбызга 7 миллиондон ашуун киши кирген. 2019-жылы сайтыбызга 800 миллион киши кирсе, 2020-жылы сайтыбызга киргендердин саны бир миллиарддан ашкан! 2022-жылдын январынан бери сайтыбызга күнүнө орто эсеп менен 3 миллион киши кирип турат.

JW.ORG сайтыбыздагы так маалымат Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү туура эмес ой-түшүнүктөрдү жойгонго жардам берип келет. Мисалы, Тениша Гордон мындай дейт: «Мага ал сайтта Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө, айталы, алар кимдер экени, эмнеге ишенери жана ишенген нерселерин эмнеге негиздери жөнүндөгү маалыматтардын жазылганы жаккан. Бул мага алар тууралуу жалган маалыматтарды жокко чыгарганга жардам берди».

Тениша 2017-жылы чөмүлгөн. Азыр ал Ямайкадагы Бейтелде ыктыярчы болуп кызмат кылат.

JW.ORG сайтындагы так маалымат Тенишага Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегенге түрткү берген

Сайтты тейлөө бөлүмүн көзөмөлдөгөн Клайв Мартин: «Жахабанын jw.org сайты аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган, тек-жайы ар кандай болгон ушунчалык көп кишиге өзү жөнүндө жана Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жеткирип жатканын көргөндө, жүрөгүм толкуйт»,— деген.

Кабар айтканга, уюмубуздун жетишкендиктери жөнүндө маалымдар болгонго, дүйнө жүзүндөгү боордоштугубуздун биримдигин чыңдоого жардам берип жаткан, баарынан да Жахабанын даңкталышына шарт түзгөн бул өзгөчө курал үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз! (Забур 145:1, 2).