Мазмунун көрсөтүү

Өйдө жакта солдо: Жапонияда өткөрүлгөн Райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары үчүн мектептен окуп жаткандар. Төмөн жакта солдо: Панамадагы райондук жыйын. Оңдо: Кошмо Штаттардагы райондук жыйында кучакташып жаткан эже-карындаштарыбыз

28-ФЕВРАЛЬ, 2023
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Кайрадан бетме-бет өткөрүлө баштаган райондук жыйындар менен теократиялык мектептер

Кайрадан бетме-бет өткөрүлө баштаган райондук жыйындар менен теократиялык мектептер

2023-жылдын январында бүткүл дүйнө жүзү боюнча райондук жыйындарыбыз (бетме-бет өткөрүлбөй калганына дээрлик үч жыл болгондон кийин) кайрадан бетме-бет өткөрүлө баштады. Теократиялык мектептер да көптөгөн өлкөлөрдө бетме-бет өтүп жатат. Бул Жахабанын ишибизге батасын берип жатканын айгинелейт.

Мексикадагы Табаско штатынын Вилья-Эрмоса шаарында райондук жыйындын алдында 200дөй жарчы жыйын залын жууп-тазалоо ишине катышты. Айрымдары ал жакка жетиш үчүн дээрлик 6 саат жол жүрүшкөн. Бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Ушунча көп бир туугандарыбыз менен чогула элегибизге аябай көп болду. Анан кантип эле ушундай сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып коймок элем!»

Мэриленд штатынын (АКШ) Краунсвилл шаарында райондук жыйынга келген бир ишенимдешибиз мындай деген: «Келгенден бери көз жашымды тыя албай жатам. Кубанычым койнума батпай жатат. Бүгүнкү программа баштала электе эле көз жашымды аарчып жатып жүз аарчым калбай калды. Ушул жыйынга тоодой тоскоолдукка туш болсом да, келмекмин»

Пуэрто-Рикодогу Кагуас шаарында өткөрүлгөн райондук жыйынга келип жаткан ишенимдештерибиз

Көптөгөн филиалдарда бир туугандар Падышалыктын жарчыларынын мектебине жана Райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары үчүн мектепке бетме-бет катыша алганына абдан кубанышты. Флорида штатынын (АКШ) Палм-Кост шаарындагы мектептин нускоочусу Жовани Кабезас мындай дейт: «Мектептерибиз кайрадан бетме-бет өткөрүлөрүн укканда жүрөгүм туйлап жиберди. Жахабанын эркин аткарганга бүт акылын, жанын берген нускоочулар, студенттер, ыктыярчылар менен чогуу болгонго эмне жетсин!»

Сатоко Наката 2023-жылы январда күйөөсү менен Райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары үчүн мектептен окуган. Ал мындай дейт: «Пандемия маалында жыйналыштардын, пионердик мектептердин Zoom аркылуу өткөрүлүп турганы сонун болду. Бирок башкалар менен чер жазыша сүйлөшө албай, алардын күлгөнүн, ырдаганын уга албай кыйналдык. Мектептин бетме-бет өткөрүлгөнү Жахабанын теңдешсиз белеги болду. Окуп жатканда биз бири-бирибиз менен сүйлөшүп, каткырып-күлчүбүз. Кээде чогуу ыйлачубуз. Сүйүнгөнүбүздөн чогуу ырдаган күндөрүбүз да болду. Мен Жахаба менен Жетектөөчү Кеңешке миң мертебе ыраазымын!»

Кенияда өткөрүлгөн Падышалыктын жарчыларынын мектебинде окуп жаткандар

Жахабага сыйыныш үчүн жана андан билим алыш үчүн элинин чогулганын көргөндө Жахабанын кубанычка бөлөнөрү шексиз. Андыктан Дөөтү падышанын: «Мен сени чоң жыйналышта даңазалайм, калың элдин арасында даңктайм»,— деген сөздөрүнө ортоктошпуз (Забур 35:18).