Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Владимир Маладыка, Владимир Сакада жана жубайы Светлана, Евгений Жуков

9-МАЙ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Крымдагы ишенимдештерибиз Жахабанын жардамы менен туруктуу бойдон калышууда

Крымдагы ишенимдештерибиз Жахабанын жардамы менен туруктуу бойдон калышууда

Севастополдун Нахимовский райондук соту жакында Евгений Жуковдун, Владимир Маладыканын жана Владимир Сакаданын ишине байланыштуу чечимин жарыялайт. Айыптоочунун кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, 1-октябрь

    ФККнын кызматкерлери Севастополдогу Жахабанын Күбөсү болгон 9 үй-бүлөнүн, анын ичинде ушул үч ишенимдешибиздин, үйүн тинтишкен. Тинтүү учурунда бийликтегилер кургак сүт салынган баштык таап алышкан. Алар аны «баңгизат» деп, Владимирди жубайы Наталья менен психиатриялык ооруканага текшерүүдөн өтүүгө жөнөтүшкөн. Натальяны ошол эле күнү бошотушкан. Евгений Жуковду, Владимир Маладыканы жана Владимир Сакаданы убактылуу тергөө камак жайына камашкан. Эртеси эле күн аларды тергөө камак борборуна которушкан

  2. 2021-жыл, 23-март

    Владимир Сакада тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган. Анын колуна электрондук браслет тагып, Интернет, телефон колдонгонго жана аныкына окшоп кылмыш иши козголгон бир туугандар менен сүйлөшкөнгө тыюу салынган

  3. 2021-жыл, 30-март

    Владимир Маладыка тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган

  4. 2021-жыл, 17-май

    Евгений Жуков жети айдан ашык түрмөдө отургандан кийин бошотулуп, үй камагына алынган

  5. 2021-жыл, 30-сентябрь

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Биз Жахабанын бул бир туугандарыбыздын жана Крымдагы ишенимдештерибиздин баарынын «жүрөгүн чечкиндүү» кыларынан шектенейбиз (1 Тесалоникалыктар 3:12, 13).