27-ФЕВРАЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Крымдагы сот жакында Артём Герасимовдун ишине байланыштуу чечим чыгарат
2020-жылдын 3-мартында Крым Республикасындагы Ялта шаардык соту Артём Герасимовго байланыштуу чечим чыгарат. Айыптоочу ал бир тууганыбызды Кудайга ишенгени үчүн эле алты жарым жылга камоону талап кылууда.
Артём Герасимовду 2019-жылдын 20-мартында тергөө камак жайына камап, суракка алышкан. Ага чейин Федералдык коопсуздук кызматкерлери Крымдагы Алупка жана Ялта шаарларындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн сегиз үйүн тинтишкен. Алар ишенимдештерибиздин компьютерлерин жана башка электрондук каражаттарын, Ыйык Китептерин тартып алышкан. Андан соң Федералдык коопсуздук кызматкерлери Артём Герасимовго, башкалар менен бирге Ыйык Китепти изилдөөгө чогулганы үчүн эле, экстремисттик иштерди уюштурууда деген айып тагышкан.
Биз Жахаба Кудайдын ишеними үчүн сокку урулуп жаткан бир туугандарыбызга «кубат берип, тайманбас кыларынан» эч шектенбейбиз (Забур 138:3).