Мазмунун көрсөтүү

Виктор Сташевский

30-МАРТ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Крымда Виктор Сташевский 6 жарым жылга түрмөгө кесилди

Крымда Виктор Сташевский 6 жарым жылга түрмөгө кесилди

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: Орусиянын соту Сташевскийдин доо арызын кароодон баш тартты

2021-жылдын 10-августунда Севастополь шаарынын соту Виктордун доо арызын кароодон баш тартты. Ал алты жарым жылга соттолгон. Эми бул чечим күчүнө кирет. Аны жакында тергөө камак жайынан түрмөгө которушат. Ал тергөө камак жайында 2021-жылдын 29-мартында чейин отурган.

2021-жылы, 29-мартта Севастополь шаарынын Гагарин райондук соту Виктор Сташевскийди алты жарым жылга эркинен ажыратты. Аны сот залынан эле дароо түрмөгө алып кетишти. Виктор соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылат.

Жеке маалымат

Виктор Сташевский

  • Туулган жылы: 1966 (Канск, Красноярск крайы)

  • Кыскача таржымалы: 1983-жылы Крымдагы Севастополь шаарына көчүп келген. Аскер-деңиз флотунда иштечү. 1993-жылы ал жумушунан чыгып кеткен. Жубайы Лариса менен 2002-жылы баш кошуп, эки кыздуу болгон. Викторду ааламдын укмуштуудай татаал түзүлүшү, ошол эле учурда баарынын шайкештикте болгону таң калтырчу. Ошон үчүн анын Жаратканы жөнүндө билгиси келчү. Ыйык Китепти изилдөө жашоосун маңызга толтурган. 2004-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон.

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 4-июнунда Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) Севастопольдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн 10нун үйүн тинтишкен. Кээ бир үйлөрдү төрт саатка чейин аңтарып-теңтеришкен. Тинтүү учурунда ФККнын кызматчылары ишенимдештерибизге жана алардын үй-бүлөлөрүнө суу ичкенге, дааратканага барганга уруксат бербей коюшкан. Ошондой эле ФККнын кишилери үйдөгү буюм-тайымдарды талкалап саларын жана бир жерге баңгизат катып кетерин айтып коркутушкан.

Тинтүүнүн соңунда Виктор Сташевскийди кармап кетишкен жана түнү бою изоляторго камап коюшкан. Ага «экстремисттик уюмдун башчысы» деген айып тагылган. Бирок чындыгында аны Кудайга ишенгени үчүн эле айыптап жатышат. Бул анын дин тутуу эркиндигин бузууга жатат.

Виктор кыйынчылыкты кайраттуулук жана кубаныч менен көтөргөнгө Ыйык Китепти дайыма окуп, анын үстүнөн ой жүгүрткөнү жардам берип жатканын айтат. Ага Дөөтү падышанын Забур 62:5—8-аяттардагы сөздөрү өзгөчө күч берет. Кыйынчылыктары жөнүндө Виктор бир тууганыбыз мындай деген: «Жахаба менен болгон мамилем ого бетер бекем болуп калды. Анткени ал мени такыр таштаган жок, дайыма жанымда болду. Жахабанын кыйынчылыктарымды жана ага берилген бойдон калгым келерин көрүп турарынан эч качан шектенген эмесмин. Ошондой эле өзүнүн ысмы үчүн керектүү учурда жардам берерине бекем ишенем».

Биз Жахабанын Викторго, анын үй-бүлөсүнө жана куугунтукка туруштук берип жаткан ишенимдештерибизге жардам береринен, батасын төгөрүнөн күмөн санабайбыз. Жахаба аларга мындан ары баш маана да, сепил да боло берет (Забур 91:2).