Мазмунун көрсөтүү

4-ИЮНЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Крымдын Жогорку соту Артём Герасимовду алты жылга түрмөгө кести

Крымдын Жогорку соту Артём Герасимовду алты жылга түрмөгө кести

2020-жылдын 4-июнунда Крымдын Жогорку соту Артём Герасимовду Кудайга ишенгени үчүн эле алты жылга түрмөгө кести. Мурунураак Ялта шаардык соту аны ошол эле айыбы үчүн 400 000 рубль (болжол менен 6 000 АКШ доллары) айып пул төлөөгө милдеттендирген. Герасимов ал чечимге макул болбогондуктан көзөмөл иретиндеги арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Тилекке каршы, Жогорку соттун таптакыр башкача чечими дароо күчүнө кирип, ишенимдешибиз сот залынан эле камакка алынды. Герасимов бир тууган бул чечимге карата да доо-арыз тапшырганы жатат.