25-ОКТЯБРЬ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Крымдын соту Игорь Шмидти кесип жиберди
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Крымдын соту доо арызды четке какты
2022-жылдын 13-январында Севастополь шаардык соту Игорь бир тууганыбыздын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Ал дагы деле түрмөдө.
Жагдайдын өрчүшү
2021-жылдын 22-октябрында Крым Республикасынын Севастополь шаарындагы Гагаринский райондук соту Игорь бир тууганыбызды күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип жиберди. Аны соттун чечиминен кийин дароо эле камакка алып кетишти
2021-жыл, 22-апрель
Игорго каршы козголгон кылмыш иши боюнча биринчи сот отуруму өткөн
2021-жыл, 23-март
Игорь тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына которулган
2020-жыл, 1-октябрь
Игорь экстремисттик деп эсептелген уюмдун иш-чараларын уюштурду деген айып менен эки күнгө убактылуу кармоо жайына камалган. Ал жактан тергөө камак жайына которулган
Жеке маалымат
Жахаба Орусиядагы ишенимдештерибизге батасын төгүп, аларды коргой береринен шектенбейбиз (Забур 5:12).